Жалал абад шаары кыскача

"Жалал абад шаары" - Жалал-Абад облусунун экономикалык жана административдик борбору. Калкынын саны 150 миң. Кыргызстанда калкынын көптүгү боюнча 3-орунда турат. Шаар өлкөнүн түштүк-батышында, Көгарт өрөөнүнүн Тянь-Шань тоо этектериндеги Айып-Тоо тоо кыркасынын этегинде жайгашкан. Дениз денгээлинен 763 м бийиктикте. Кескин өзгөчөлөнгөн континенталдык климатка ээ, жайы ысык жана кургак, күзү жылуу жана жазы чагылгандуу, жаанчылдыгы менен мүнөздөлөт.

Январь айындагы орточо температура -3С , -5С
Июль айыныкы +25, +27 С

Маалыматтарга ылайык шаар - кыштактан чыккан геотермалдык булактын чыгуусунан б.з.ч 2 миңинчи жылдардан баштап белгилүү боло баштаган. Уламыштарга караганда байыркы заманда бул булактын суусу менен көптөгөн ооруларды дарылашкан, жада калса лепраны(хансеноз) да айыктырышкан.

Шаардын аталышынын которулушу - Жалалдын шаары деген түшүнүктү берет. Такталбаган маалыматтарга ылайык бул түшүнүк чыныгы тарыхый каарман Жалал-ат-Дин менен байланышкан. Ал бул жерлерге атайын көпөс жана зыяратчылар үчүн өзгөчө караван сарайларды салдырган.

Орто кылымда Жалал-Абад Улуу Жибек жолунун боюна жакын жайгашкан үчүн тез арада эле атактуулукка ээ болгон. Бара бара отурукташуу көбөйүп, ар өнөрдүн ээлери өсүп, көптөгөн ишканалардын пайда болуусуна алып келген.

19-кылымда шаарга Кокон хандыгынын чек араларын коргогон чеп курулган, Кокон кандыгынын кулашы менен Россия падышачылыгынын карамагына өткөн. Ал мезгилде шаар региондордогу көчмөн соодасынын негизги борбору эле. Россия падышачылыгынын келүүсү менен шаарга аскердик гарнизон жана аскердик медициналык оорукана курулуп, 1916-жылы Андижан-Жалал-Абад темир жолу салынган.

Совет бийлигинин орношу менен минералдык булактар базасына курорттор салына баштайт. Тамак-аш өндүрүшү, айыл чарбасы аябай тез темп менен өнүгө баштаган. 1950-жылы шаар толугу менен өзгөрүп. 1991-жылы өлкөбүз көз карандысыздыгын алгандан соң, "Жалал Абад шаары" облустун борбору деген статус алды. 2007-жылы шаар өзүнүн 130 жылдык мааракесин белгилеген. Азыркы күндө Жалал-Абад толук түрдө заманбап индустриалдуу жана социалдык инфрастуралык жактан жакшы өнүккөн шаар десек болто, албетте, Кыргызстандын деңгээлинде.

Шаарда көптөгөн банк жана финансылык объекттер бар. Дүн жана чекене баада соода тармагы өнүгүп, өндүрүштөр мыкты жолго коюлуп: тамак-аш, женил өнөр-жай тармагы, пахта, ун өндүрүү, машина куруу тармагы алдыга чыгууда. Шаардын бюджетин толтуруп турган негизги киреше булагы болуп Кыргыз-Канада «Кыргыз Петролеум» нефтти өндүрүү компаниясы эсептелет.

Жалал-Абад шаарында 1971-жылдан тартып китепкана, эс алуу парктары, тарыхий музейлер уюшулган. Туристердин көпчүлүгү шаарга курулуштарды көрүү үчүн гана келишбейт. Шаардын өзүндө жана чет жактарында адамды кызыктырган жагымдуу жана көз кубанткан жайлар бар. Өзгөчө баса белгилеп «Жалал-Абад» курортун, Арсланбап жангак токоюн, Сары Челек коругун жана абдан кооз тарыхий эстелик Шах-Фазиль мавзолейин айтсак болот.

"Жалал абад шаары" жонундогу макаланы кыргызчалап дайындаган Сабырбек кызы А

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)