Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Жакыпов Мамат

Жакыпов, Мамат – драматург, режиссер.

1923-жылы Совет районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1942-жылдын март айында Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка катышат.
1946-жылдан баштап М. Жакыпов Алай районунда Маданият үйүнүн директору, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, республикалык эл чыгармачылар үйүндө улук усулчу, 1960-жылы Алай районунда уюшулган элдик театрда режиссер 1970-жылдан Кыргыз радиосунда ага редактор болуп иштейт.
М. Жакыповдун бир актылуу пьесалары, очерк, аңгемелери 1956-жылдан баштап облустук, республикалык гезит-журналдарга жарыялана баштайт.
Анын алгачкы «Тоолук кыз» аттуу пьесасы 1956-жылы «Клубдук сахна» аттуу репертуардык жыйнактан жарык көрөт. Кийин «Толкундуу көл», «Жылкычы», «Ак мөлмөл», «Абийир» ж. б. пьесалары республикалык жана облустук театрларда коюлган.
1967-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Эмгек Кызыл Туу ордени, «1941–1945-жылдардагы Ата Мекендик Улуу согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы, СССР маданият министрлигинин «Маданият тармагындагы эң жакшы иши үчүн» деген төш белги менен сыйланган.
1968-жылы «Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкери» деген ардактуу наам берилген.




Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)