Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жакындан начар көрүү

Жакындан начар көрүү (гиперметропия) — көрүүнүн кемчилдиги, буюмду бүдөмүк көрүү (өзгөчө жакындан). Мында буюмдан чагылган нур көздүн тор кабыкчасына түшпөстөн, анын артына өтүп кетет. Ж. н. Шилтеме: көздүн тунук челинин жана чечекейинин сындыруу күчүнүн начарлыгына же көздүн алдыңкы-арткы огунун кыскалыгына байланыштуу болот. Ал тубаса же кийин пайда болот. Дээрлик бардык балдар төрөлгөндө жакынды начар көрүшөт, бирок өсүү жана өнүгүү процессинде (10 жаш чамасында) көпчүлүгүнүн көрүүсү калыбына келет. Ж. н. к-нүн бир аз жана орточо даражасында ( + 3 диоптрийге чейин) көздүн курчтугу адатта өзгөрбөйт, ошондуктан атайын көз айнек менен жөнгө салуунун (коррекциялоонун) зарылчылыгы жок. Анын жогорураак даражасында (диоптрий +5тен ашканда) кээде көздүн курчтугу бузулат, көз айнек тагынганда көрүү кадимки абалына келбейт.

Ж. н. Шилтеме: күчөгөндө көз айнекти пайдаланбаган кишилердин көзү бат чарчап башы ооруйт, чекеси уюп, көздө басым байкалат, окуганда тамгаларды ажырата албай калат. Окууну токтоткондо көрүү убактылуу калыбына келет. Мектеп окуучуларында баш оору пайда болсо, врачка кайрылуу зарыл. Ж. н. Шилтеме: байкалган балдар көз айнек тагынуусу керек. Айрым учурда балдарда ал күчөсө көз чалыр болуп калат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)