Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жайнаков Аманбек Жайнакович

Аманбек Жайнакович Жайнаков (1941) – кыргыздын белгилүү физик окумуштуусу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, академик.

Аманбек Жайнак уулу Жайнаков 1941-жылы 7-октябрда Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Талас районундагы Кырк-Казык кыштагында туулган.

1963-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физика-математика факультетин артыкчылык менен аяктаган.

1969-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аспирантурасын аяктаган.

1970-жылы кандидаттык диссертациясын, 1984-жылы – доктордук диссертациясын жактаган.

1963-жылы Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болуп иштей баштайт.

КУУнун теориялык физика кафедрасынын аспирантурасын аяктаган соң, 1976-жылга чейин аталган кафедрада окутуучу, ага окутуучусу, доценти, кафедра башчысы болуп иштейт.

1976-жылы анын жетекчилиги менен Кыргызстанда Жумурияттык ЖОЖдор аралык эсептөө борбору ачылган. Бул борбор кийинчерээк Маалымат таануу жана маалымат технологиясы институту болуп калган. Борбор жана институт Кыргызстанда билим берүү жана илим тармактарын компютердештирүүгө пайдубал кызматын аркалады.

1976-2003-жылдары аталган институттун деректири болуп ырааттуу иштеп келди.

2000-жылдан бери – Улуттук илимдер академиясына академик.

2003-жылы январда Билим берүү министрлигинин алдындагы Билим берүү академиясынын президенти болуп дайындалды.

2003-жылы февралда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын вице-президенти болуп шайланды.

2011-жылы 13-июлда ү. Асаналиев атындагы тоо-металлургия институтунун маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын башчысы, профессор, академик Аманбек Жайнаковду 24 мамлекеттен келген окумуштуулар дүйнөнүн Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн математиктер коомунун вице-президенти кылып шайлашты.

Жубайы - Мира Раимкановна Медетбекова. Ал – Эшеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин профессору. Төрт баласы бар.

300дөн ашуун ар кыл илимий эмгектердин автору. Он чакты монография, 9 окуу китебин жана окуу куралын, колдонмолорду жарыялаган.

1976-жылы анын жетекчилиги менен Кыргызстанда Жумурияттык ЖОЖдор аралык эсептөө борбору негизделген.

1984-жылы өзү түзүп-калыптаган Эсептөө борборуна жетекчилик кылып туруп, СССР Илимдер академиясынын Новосибирск шаарындагы Сибирь бөлүмүнүн жылуулук физикасы институтунда "Ачык мүнөздөгү өзгөчө так электр жааларындагы термогазодинамикалык жүрүмдөрдүн моделдери" деген темадагы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (мурдагы Улуттук аттестациялык комиссиянын) физика-математика илимдери жаатындагы адистик кеңешинин төрагасы.

Корголгон 5 доктордук жана 15 кандидаттык диссертациянын илимий жетекчиси.

Алгачкы Эсептөө борбору – кийинки Информатика жана маалыматтык технологиялар институтунун жетекчилик кызматында каарманыбыз ашык-кеми жок 26 жыл иштеди.

Эски жана жаңы ар качан атаандаш, атүгүл каршылаш да жүрөт. Кээде сөөк-канга сиңип бүткөн эски көнүмүш жаңы нерсеге оңой менен орун бошото койбойт. Андайда алдыга жылууну аныктап жана шарттоочу адамдык психологиянын өзгөрүшүнө да өзгөчө роль таандык экени бештен белгилүү.

ЖОЖдорго электрондук эсептөө машиналарынын келишин бардыгы эле түшүнүү менен кабыл алышкан жок. Гуманитардык багыттагыларды коёлу, өмүр бою математикалык анализ, теориялык физика, механика жана геометриядан сабак беришкени менен ЭЭМ жөнүндө түшүнүгү да жок мугалимдерди "пультка отуруп үйрөнгүлө" деп үгүттөө психологиялык жактан бир топ эле кыйынчылыкка турду.

Андыктан жаңылыкка негизинен жаштар тартылды. Жаштар колдоду, жаштар кызыкты. Университет, политехникалык, медицина, айыл чарба ж. б. институттардын ынтызар окутуучу-адистери менен студенттерин өз каалоолоруна жараша атайын класстарда окутуу өтө жигердүү темп менен күч алды. Машиналардын жанында уйку, тамакты да унутуп, атүгүл ошол жерди "экинчи турагы" санаган кылым техникасынын достору көбөйдү.

Эсептөө борборунда тез эле аралыкта "Абитуриент", "Студенттер контингенти", "Жогорку окуу жайларынын кадрлары", "Сессия", "Жогорку окуу жайларынын паспорту" ж. б. базалык программалар түзүлүп, башта канча бир убакыт, адам күчүн талап кылган кара жумуштар автоматташтырылып, алардын ичинде кирүү экзамендеринин жыйынтыктары, мугалимдердин айлык акылары, студенттердин стипендия­лары так кепилдик менен бир заматта эсептелип, андай отчеттор окуу жайлардын өздөрүнө жана Элге билим берүү министрлигине жиберилип турган экен.

Арадан жылдар өттү. "Караңгыдан көз тапкандай" сүйүнткөн ЭЭМ "миң мээлүү" – миллиондогон белгини жана эсепти унутпай эсинде сактаган артыкчылыгы менен көпчүлүк окуу жайлардан биротоло орун-очок алды. Кыргыз ээмчилеринин тажрыйбасын үйрөнүү үчүн башка союздук республикалардан да көптөгөн окумуштуулар, адистер, аспиранттар келе башташты. Эсептөө борборунда ЭЭМде иштөө үчүн кадимкидей узун кезек түзүлөт.

А. Жайнаковдун өз баасы:

– Ишибиздин билим берүү тарыхына жазылган чоң өзгөчөлүгү – ал убакта мындай кеңири популярдуулукка ээ болгон ЖОЖдор аралык Эсептөө борборун түзүү сыяктуу тажрыйба Орто Азия жана Казакстан республикаларын коелу, Москвага жакын жайгашкан башка союздук республикалардын эч бирөөндө да жок болчу. Демек, биз, кыргыздар, бул жагынан алганда, ЭЭМде иштөөнү үйрөтүү боюнча алгачкы демилгечилерден – көч баштоочулардан болгондугубуз чындык. Бюджеттен каражат бөлдүрүү аркылуу университетке, политехникалык институтка 2-3төн ЭЭМ койдурууга жетиштик. Кыска аралыкта эле жогорку окуу жайларындагы такай иштеген ээмчилердин саны 150-160 кишиге чейин көбөйдү. Мугалимдерди атайын курстардан өткөрүп чыктык. Ар бири кеминде 200 чарчы метрди ээлеген ЕС-1022, ЕС-1033, ЕС-1045, ЕС-1046 деген үлгүдөгү эсептөө машиналары бизге көп жылдар дурус эле кызмат кылып берди.

Аманбек Жайнаков азыркы ар бир кыргызстандык үзүр-кызматын пайдаланып жаткан улуттук компьютер мектебин түзүүгө ушинтип негиз салды.

1992-жылы Аманбек Жайнаков илимий чыгармачыл жамааттын курамында технологиялык процесстердеги агымдуу плазматронду иштеп чыгуу, изилдөө жана колдонуу табылгасы үчүн Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми республиканын илими жана билим берүүсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 2006-жылы 3 даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. Анын көптөгөн кадыр-барктуу сыйлыктарынын катарына "Алтын фортуна" Эл аралык рейтинг Академиясынын 2 даражадагы "Ар намыс. Даңк. Эмгек" Георгий медалын да кошууга болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)