Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жайлоо

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жайлоо

Жайлоо (жайгаштыруу, отурукташтыруу) — жай мезгилинде кайсы бир жерге убактылуу отурукташуу, ошондой эле, табияттагы мал жаюуучу жайыт жер. Башкача айтканда, өсүмдүктөрү чөптүү келген, мезгил-мезгили менен мал жаюуучу айыл-чарба жайыт жери.

Түрлөрү:

Кыргыздар илгертен мал баккан көчмөн эл болгон. Кышкысын тоо этегиндеги кары азыраак, буйтка жерлерде кыштап чыгышкан. Кар кетип, жерге чөп чыкканда, кыштоодон жазгы жайытка — жакыныраак белестерге көчүп чыгышчу. Ал эми жаздоонун чөбү саргая баштаганда тоо арасындагы алыскы жайыттарга — жайлоого көчүп кетишчү. Бул мезгилде жайлоого кеткен жолдор маараган кой-эчкиге, мөөрөгөн уйга, туйлаган жылкыга толгон. Жайлоо берекеси төгүлгөн мезгил июндан сентябрь айынын ортосуна чейин.

Аба таза, күн салкын. Сыдырым жел согуп, тунук кашка суулар мөлтүрөйт, туш тарап көк жамынып турат. Эл жайлоого андагы чөп жетилерде көчүп барат, оту азая баштаганда кайра кайтат. Жайлоо — мал үчүн абдан мыкты жайыт. Жайылган мал даң салып, чөптүн күчтүүлүгүнөн бат ирденип семирет. Ошол алган азыгы күз, кыш айларында да салмагын жоготпой турушка кубат болот. Жайлоодо чөптүн аш болумдуу түрлөрү көп. Сабагы дандуу ак сокто, кыяк, сабиз чөп, түлкү куйрук, ичке жалбырактуу жылгын малды бат семиртет. Булардан тышкары көбүнчө жыты аңкыган бетеге, тулаң жана шыбак өсөт. Негизги тоют өсүмдүктөрүнө бетеге, шыбак, доңуз сырты, тулаң ж. б. кирет. Булардын түзүмүндөгү протейиндин өлчөмү 8-10% жетет.

Жайлоо бөлүктөргө бөлүнүп, мал-жан кезеги менен жайылат мындай жерлер — жайыт аталат. Кыргыз жайлоолорунын орточо бийиктиги болжолдуу деңиз деңгээлинен 2500-3000 метр. Бийик тоо арасындагы жайлоо — төр (мисалы, Кара-Төр, Көл-Төр, Ашуу-Төр жана башка ), ат жайлоосу делет. Чөбүнүн түшүмдүүлүгү ар түрдүү. Мисалы, ат жайлоодо гектарынан 1,1 центнерден 14,9 центнерге чейин, бөксөлөрдөн 5,3-18,3 центнер чөп алынат (2010).

Жайлоодогу өсүмдүктөр сабактанып, гүлдөп, баш алганда малга жагымдуу келет. Бөксө жайлоолордогу 1 центнер кургак чөптө 45-80 тоют бирдиги, 7-10 килограмм белок, шалбаа чөбүндө 80-90 тоют бирдиги, 7,5-10 килограмм белок болот. Мындай тоютта йод аз болгондуктан, мал-жанга йод кошулган туз берилет.

Кыргызстандагы ири жайлоолор: Ак-Сай, Арчалы, Арпа, Алай, Суусамыр, Соңкөл, Сырт, Каркыра, Кара-кужур, Көгарт, Көк-Ойрок, Чаткал, Челек, Чоңалай жана башкалар.

Муруңку учурда жайлоого жетүү кыйын болгон. Жалгыз аяк жол менен кээде тик өйдө, кээде сыйгалак ылдый жүрүп олтуруп, араң дегенде жетишчү. Азыр бут жетпей калган жайлоо жок. Жол салынып, машиналар зуулдап каттайт. Кыштоо менен жайлоонун арасы алыс болбой, күн сайын барып-келип туруу жеңилдеди. Жайлоо — табигат тартуулаган байлык.

Бирок ал кандай жаралса ошол бойдон өзгөрбөй тура бербейт. Ошондуктан жайлоону туура пайдаланууга, көркүн сактоого аракет кылуу зарыл. Күндөн-күнгө жайыт жерлер азайып, малдын саны көбөйгөнүнө байланыштуу жайыт жерлерди этият пайдалануу керек.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 31146, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу