Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Жай

Жай – жаз менен күздүн аралыгындагы абанын температурасы эң жогору болуп турган жыл мезгили, климаттык сезон. Түндүк жарым шарда жайкы күн токтолуудан (21–22-июндан) же жайкы чилдеден күзгү күн-түн теңелүүгө (23-сентябрга) чейинки мезгили. Түндүк жарым шарда – июнь, июль, август, Түштүк жарым шарда – декабрь, январь, февраль айлары жай мезгили болот. Жай мезгилинин узактыгы климаттык жана фенологиялык сезон катары төмөнкү кеңдиктерден жогорку кеңдиктерди карай кыскарат. Экватордук алкакта жыл бою жай өкүм сүрөт. Субтропикте 5 ай, мелүүн алкакта 3 ай, уюлдук кеңдиктерде 1–2 айдан ашпайт. Кыргызстан аймагында жайында күн ысып, үшүк жүрбөйт, өсүмдүк вегетациясы токтобойт, кургакчылык да болот. Кыргызстанда бул түшүнүккө байланыштуу Жай-Терек (Базар-Коргон районундагы жердин аты) топоними бар. Кыргыздар жай мезгилин табыстан, жайдын толгон кезин ак жай деп да атайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)