Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Жабык деңиз

Жабык деңиз – эларалык укукта жээги бирнече мамлекеттерди жайпаган жана өзүнүн географиялык жайгашуусу боюнча аны башка деңизге өтүү үчүн транзиттик өткөөл катары пайдалануу мүмкүн болбогон деңиз. Ачык деңизден жабык деңизге өтүү айланасында Ж. д. жаткан мамлекеттин жээктерине гана алып баруучу кууш деңиз жолдору аркылуу ишке ашырылат. ХVIII–ХIХ кылымдардын келишимдик иш тажрыйбаларында калыптанган жана колдонулган концепцияга ылайык ачык деңиздин эркиндик принциби Ж. д-ге карата толук өлчөмдө пайдаланылган эмес: анын жээгинде жайгашпаган мамлекеттердин аскер-деңиз кемелеринин анда кирүүсүнө чек коюлган. БУУнун деңиз укугу боюнча 1982-жылкы Конвенциясынын орусча текстинде «жабык же жарым туюк деңиздер» (122-ст.) деп аталган жабык же жарым жабык деңиздер түшүнүгүн кеңейткен. Конвенция алардын укуктук тартибин аныктабастан эле, алардын жээктеринде жайгашкан мамлекеттердин андагы жандуу ресурстарды башкаруудагы, деңиз байлыктарын сактоодогу жана коргоодогу, жабык жана жарым жабык деңиздердеги илимий изилдөөлөрдү теске салуудагы артыкчылык укуктарын (123-ст.) белгилеген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)