Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы жана бийкеч

Бул абдан оор жана сейрек биримдик, жана бул эки зодиак белгисиндеги адамдар бир жалпы идея менен биригип турат бул - коомго эмгектенүү. Ушуга себептүү Жаачылардын жан дүйнөсүнүн кеңдиги Бийкечтердин кыжырын келтирбейт, ал эми Жаачыларды болсо Бийкечтердин майдачылдыгы. Ошону менен бирге Бийкечтерге үй-бүлөөлүк ийгилик үчүн Жаачыларга жол берүү оңой. Жаачылардын эбегейсиз чоң ой-максаттарын ачууга улуксат берип, кылдаттык менен башкарып, максаттын ишке ашуусу үчүн багыттоо зарыл.



Бийкечтердин күчү алардын акылында, ал эми Жаачылардын күчү алардын эркиндигинде. Бийкечтер эң майда деталдарды тыкаттык менен иреттейт. Көп учурда Бийкечтер жашоого канааттанбагандыгынан түйшүк тартат, ал эми Жаачы болсо Бийкечтер үчүн үй-бүлөөлүк мамилелердин жана салттуулуктун жаркын образы болот. Бийкечтер жашоодо эрке-айымчыл мүнөздүү болуп, баарлашууда токтоолукту жана мамилелерде сактыкты көрсөтөт, ал эми Жаачылардын алып учкан жана алоолонгон натурасы андайларга жок. Жана мындай; тактык жана акылдуулук, баамчыл жана тыкаттык сыяктуу эптүү сапаттарга себеп болуп, ишмер жана аткаруучулуктуу Бийкечтер чоң милдеттик сезимдери менен өз өнөктөшүн ар кыл жааттагы ишти мыкты уюштурууга үндөйт. Бийкечтер өз өнөктөшүнүн жана келечектеги мамилелердин наркын жана кемчиликтерин дароо баамдайт.



Зодиак белгисинин арасынан Бийкечтер берилгендиги менен айырмаланат, ошондуктан буларга мамилелердин туруктуулугун жана коопсуздугун сезүү маанилүү. Бийкечтер дайыма тыкаттыкка умтулуп, болгон күч-кубаты менен чар-жайытттыктан арылууга аракет кылат.



Жаачылар Бийкечтердин карьералык өсүшүнө жардам берүүгө даяр, бирок Бийкечтер үчүн бул өтө маанилүү эмес. Бийкечтер Жаачылардын ийгиликтүүсүн жана материалдык өнүгүү менен байланышкандын баарысын жактырат. Жаачылар Бийкечтердин сүйүүсүнөн олуттуу ички өзгөрүүлөрдү талап кылат, Жаачыларды Бийкечтердин ага болгон күчтүү сезимдеринин жоктугу канааттандырбайт. Булардын экөөнө тең өзүлөрүн өзгөртүп, мамилелерди айкын кылууга зарыл болот.



Жароокер жана жакшылыктуу Бийкечтер конфликтерди эң жаман коруп, жашоодо уруш-талаштарга алып келүүчү кырдаалдардан качып турат. Бирок үй-бүлөөлүк тынтык үчүн Бийкечтер өз каалоолорун жана каалабагандарын өз жолдошуна айтууну үйрөнүү зарыл.



Качан бул түгөйлөр мүдөөлүк жактан өнүгүүнү ар бири өзүнчө жасай баштаганда, буларды оорчулуктар күтөт. Эгер бул түгөйдүн бирөөсү өнөктөшүнүн мүдөөлүк изденүүсүн түшүнбөй калса, булардын биримдиги түгөйлөрдүн бирөөсү аркылуу жараксыз деп табылат. Бийкечтердин жаны түздүктөргө умтулуусу, Жаачылардан чоң күч-кубатты жана курмандыктарды талап кылат. Жаачыларга иш-аракеттердин жана акыл-ойдун эркиндиги, жаңы адамдар, жаңы мүмкүнчүлүктөр керек.



Мамилелерде дээрлик эч кандай романтика болбойт. Башкача айтканда мындай биримдик Бийкечтердин чыдамдуулугунда жана милдеттүүлүгүндө кармалып, жана Жаачылар алардын эркиндигине жолтоо кылбаган бирөөнү кезиктирмейинче сакталат. Бирок, эгер түгөйлөр чыдамдуулукту жана компромисске бара билүүнү көрсөтсө, мындай нике көпкө созулат, анткени, Бийкеч менен Жаачы биримдиги бул - эсеп аркылуу курулган биримдиктердин эң туруктуусу.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1264, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо