Зарна

Зарна — кызыл өңгөчтө, айрыкча анын төмөнкү бөлүгүндө ачышуу сезими. Карындан кычкыл суюктук кызыл өңгөчкө өтүп кеткенде болот; ошондой эле кызыл өңгөчтүн өтө сезгичтиги, карындын бузулушу жана башка түрткү берет. 3. көбүнчө карын маңызынын кычкылы көбөйүп кеткенде, кээде төмөндөп же анда туз кислотасы такыр жок учурда да байкалат. 3. карындын ар кандай ооруларында (жара оорусу, гастрит), холецистит, боор эт чуркусунда, кош бойлуулукта, кээ бир тамак жакпаганда болот. Дарылоо негизги ооруга жараша жүргүзүлөт. 3-ны басаңдатуу максатында ар кандай каражаттарды баш аламан колдонуу зыян келтириши мүмкүн.

Ошондуктан аларды врачтын сунушу менен гана кабыл алып, өткүр, куурулган тамакты ичпөө керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)