Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

замандашыма

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | замандашыма

Созу Алыкулдуку

Обону Абдыластыкы

Жашыл ала жагоо тагып желбиреп,

Жакшы омурдун жарашыгы биз элек.

Жаштык кундун ар бир соккон сагаты,

Жаш суйуудой койнубузда эркелеп.

Кызыл-ала жагоо тагып желбиреп,

Кызык кундун кызыктары биз элек.

Кымбат кундун ар бир соккон сагаты,

Кыз баладай койнубузда эркелеп.

Жашоо эркине жаратылып бир ирет,

Карап корсон кандай эмгек кылдым деп.

Кайран кундор бекер кеткен экен деп,

Ойлоп-ойлоп окунорун ким билет?..

Сонун кунго жаратылып бир ирет,

Санап корсон кандай эмгек кылдым деп.

Сайран омур текке кеткен экен деп,

Самап-самап сагынарын ким билет?

Кеткен кемтик жакшы ыр менен жетилет,

Андай болсо, коп кечикпей кууп жет.

Доорубузга каухар чачып калалы,

Алдыбызда канча кун бар ким билет?

Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет,

Андай болсо, коп кечикпей кууп жет.

Заманага жыпар тогуп калалы,

Дагы канча жашоо калды ким билет?

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 763, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу