Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Заднепровский Юрий Александрович

Заднепровский Юрий Александрович (1924, Ленинград облусу, Гатчина ш. – 1999) – тарых илиминин доктору (1979). 1950-жылы Ленинград университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

СССР ИАнын Археологиялык институтунун Ленинград бөлүмүнүн улук илимий кызматкери, Фергана экспедициясынын начальниги.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 170ке жакын эмгеги жарык көргөн, эмгектеринин көпчүлүгү Кыргызстандын байыркы тарыхына жана археологиясына арналган. Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагына 30 археологиялык экспедиция жасаган.

Соңку коло доорунун Чуст маданиятына таандык байыркы эстеликтерди изилдеген. Ош тургун жайы жана башкалар калк журт кылган жерлерди казып, изилдеген.

Биздин заманга чейин 4–1-кылымдарга таандык Шоробашат маданиятын, Өзгөн, Мады жана Ош шаарларын изилдеген. Байыркы мезгилдеги көчмөндөрдүн тарыхын жана маданиятын изилдөөгө чоң салым кошкон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)