Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Зааранын токтобои калышы

Зааранын токтобои калышы ар кандай ооруларда (урологиялык, неврологиялык, гинекологиялык) байкалат. 3. т. Шилтеме: айрым оорулардын белгилери болуп саналат. Ал таптакыр (абсолюттук), бир аз жана түнкүсүн токтобой калуу болуп бөлүнөт. 3. т. к-на төрөт учурунда, ар түрдүү операция мезгилинде табарсыктын кырсыкка учурашы, өнөкөт цистит, борбордук же четки нерв системасынын айрым оорулары, простата безинин аденомасы, заара каналынын ичкерип сезгениши, бөйрөк түтүкчөсү табарсыкка ачылбай, жыныс органдарына же көтөн чучукка куюлушу себеп болот. Заара такыр токтобой калганда табарсыкта кармалбай түз сыртка агып турат. Бул табарсыктын же заара чыгаруучу түтүктүн тубаса кемтигинде болот. 3. т. к-нын бул түрү операция жолу менен дарыланатомиялык Зааранын бир аз кармалбай калышы көбүнчө аялдарда төрөт мезгилиндеги жабыркоодон болот, ошондой эле нерв системасынын ооруларына да байланыштуу. Мында күлгөндө, корккондо, чүчкүргөндө заара бир аз чыгып кетет.

Аны дарылоодо башка ыкмалар менен айыктыруучу гимнастиканын мааниси зор. Бул түрү байкалганда врачка кайрылып чыныгы себебин таап жана негизги ооруну дарылоо керек. Түнкүсүн заарасы токтобой калган балдарды жатарда, түнкүсүн ойготуп заара ушаттыруу, кечкисин суюктукту аз берүү сунуш кылынат. Бул 12—16 жашка чыкканда жоголо баштайт. Бирок себебин эрте таап, эрте дарылоо жакшы натыйжа берет. Заараны териге тийгизбөө үчүн заара жыйнагычты пайдалануу, күн сайын жуунуп, чурай жана санды вазелин менен майлоо керек.

Айрым ооруларда (цистит, простата безинин аденомасы, заара жолунун таш оорусу жана башка) оорулуунун такай заара кылгысы келип турат. Бул абалды 3. т. Шилтеме: менен чаташтырууга болбойт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)