Заара жолдорунун таш оорусу

Заара жолдорунун таш оорусу — заара бөлүп чыгаруучу органдарда зааранын составдык бөлүгүнөн турган түрдүү туздардан жана органикалык кошундулардан пайда болгон ташы бар өнөкөт оору. Ал жаш балдардан тартып, картайган адамдарга чейин, айрыкча 20 жаштан 50гө чейин көп кездешет. Анын себептери — бөйрөктүн сезгениши, зааранын химиялык составынын өзгөрүшү, канда фосфор, кальций туздарынын көбөйүшү, зат алмашуунун бузулушу, зааранын бөлүнүп чыкпай бөйрөктө кармалышы, А, Д, Е витаминдеринин жетишсиздиги, ички секреция бездеринин ишинин бузулушу, ичеги карын, боор, өт баштыкчасынын оорулары, климаттык шарттардын организмге тийгизген терс таасирлери жана башка Зааранын составындагы туздар негизинен бөйрөк аркылуу толук эриген түрдө бөлүнүп чыгат. Ар түрдүү себептер зааранын химиялык составынын өзгөрүшүнө, туздардын толук эрибей кристалл түрүнө өтүшүнө түрткү болот да таш пайда кылат. Таш көбүнчө бөйрөк каналында пайда болуп, бөйрөк көңдөйүнө (күлтүгүнө) түшүп кармалат, акырындык менен чоңоёт же бөйрөк түтүгү аркылуу табарсыкка кетет. Кээде таш табарсыкта пайда болот. Бөйрөктө таш болгондо бел туш катуу ооруйт, кээде ал жер муздап сайгылашат.

Бөйрөктүн катуу оорушу денени ысытып, чыйрыктырат, окшутуп, кустурушу да ыктымал. Зааранын түсү өзгөрүп, тез-тез заара кылат, оору бөйрөк туштан төмөн ич көңдөй жакка, жука чурайга, жоон сандын ички бетине, сырткы жыныс органдарына чейин өтөт. Айрыкча жаш балдарда, кээде улгайган адамдарда ич ооруларынын белгилерине окшошуп кетет. Ошондуктан өзүн-өзү дарылоого аракет кылбай, тезинен врачка кайрылуу керек. Оору узакка созулса ар кандай кабылдоого алып келиши мүмкүн: бөйрөк сезгенет, бөйрөктүн ич көңдөйү чоңоюп, кеңейе баштайт, бөйрөк ткандарына күч келет, ткандар ичкерет, бөйрөктүн көлөмү чоңоюп, суу капчасына айланатомиялык Бөйрөк ишинин бузулушу бөйрөк гипертониясына алып келет.

Өз учурунда тийиштүү дарылоо жүргүзүлбөсө сезгенген бөйрөк оорусу ириңдүү дартка айланып, бактериялык шокко, кала берсе уросепсиске өтөт. Табарсыктагы таш анын былжыр челин сезгентип, заара кылгысын келтирет, заара кылганда ооруйт. Күч келгенде же басканда табарсыктын былжыр чели жараланып канайт да, зааранын түсү өзгөрөт (гематурия), заара чыгаруучу түтүккө таш туруп калганда заара чыкпай калат. Мындай учурда оорулуу кырынан жатып заара кылууга тийиш. Эки бөйрөктө же заара чыгаруучу 2 түтүктө тең таш болгондо сийдик такыр чыкпайт (анурия). Мындай учурда зат алмашуунун уулуу продуктулары организмде чогулуп, уремияга алып келет. Дарылоодо таштын чоңдугу, формасы, орун алышы, бөйрөктүн иштеши эске алынат. Консервативдик жана хирургиялык жол менен дарылайт. Дарылоодо диетанын мааниси зор. Врач таштын түрүнө жараша диета сунуш кылат.

Мисалы, оксалат таштары болсо — өсүмдүк майлары, балык, кайнатылган эт, кызылча, бадыраң, капуста, коон, дарбыз, алма, алча жана башка; урат таштары болсо сүттүү тамактар сунуш кылынып, куурулган, ышталган эт, кычкыл сыр, ачуу чай жана башкаларды колдонууга болбойт, фосфат ташында тескерисинче эттүү диета сунуш кылынат. Таштардын түрүнө карата Трускавец, Железноводск, Ессентуки, Березовский, Жермук жана башка курорттордо дарылануу керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)