Ызы-чуу

Ызы-чуу — киши организмине жагымсыз таасир этип, анын ишине жана эс алуусуна тоскоол болуучу добуштар. Азыркы илимий-техникалык прогресстин учурунда Ы.-ч. чөйрөнүн тескери таасиринин бири болуп калды. Шаарлардын, өнөр жайдын, транспорттун өнүгүшү, өндүрүшкө жана тиричиликке жаңы техниканын киргизилиши (күчтүү мотор, компрессорлор, радио, телекөрсөтүү, тиричилик приборлору жана башкалар) Ы.-ч-нун көбөйүшүнө алып келди. Шаарда транспорттун дүрүлдөшү, башка жагымсыз факторлор, дирилдөө, чаң, зыяндуу газ менен бирге таасир эткенде анын терс таасири күчөйт. Ы. ч-га жана анын ден соолукка тийгизген тескери таасирине каршы күрөш эл аралык маселе болуп эсептелет. Шаарда жашагандардын жана айрым кесиптегилердин арасында нерв, жүрөк-кан тамыр ооруларынын, жара оорусунун көп болушун жана угуунун начарлашын окумуштуулар Ы.-ч-га байланыштырат.

Ы.-ч. угуу органы менен борбордук нерв системасына тескери таасир берип, мээ кыртышынын клеткаларын жабыркатат. Ы.-ч-нун таасиринен адам тез чарчап, уйку качат, эске тутуу төмөндөйт, кыймылы жана тең салмактуулугу бузулуп, эмгек өндүрүмдүүлүгү начарлайт. Ы.-ч. узак убакыт таасир эткенде борбордук нерв системанын бузулушу гипертония оорусуна түрткү берет. Эс алуу, айрыкча уйку убагындагы Ы.-ч. өтө зыяндуу. Биздин өлкөдө Ы.-ч-ну азайтууга бир катар закондор жана токтомдор кабыл алынган.

Тиричиликтеги Ы.-ч-ну азайтуу жана болтурбоо эрежелерин сактоого ар бир адам милдеттүү. Ы.-ч-га каршы күрөшүү маселелерин чечүүдө санитария - эпидемиологиялык кызмат органынын ролу чоң. Ал турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттарынын долбооруна, курулушуна, пайдалануусуна көз салат. Өндүрүш Ы.-ч-сун азайтууда аны басаңдатуучу атайын техникалык каражаттар колдонулат. Аларга амортизациялоочу, үндү жутуучу материалдан пайдубал жасоо, тоскучтарды колдонуу жана башкалар кирет. Ошондой эле жеке сактануу каражаттарын колдонуунун да мааниси чоң. Көчө Ы.-чсун азайтууда катуу дүрүлдөгөн транспортту элдүү жерден алыстатуу, үн сигналын бербөө, көчө салууну туура пландоо, өндүрүш ишканаларын, аэродром, темир жолду шаардын сыртына чыгаруу жана башкалар чоң мааниге ээ.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)