Ысык-көл шаары

Орто кылымдагы шаар. 14-к-дагы жазма даректерде айтылат. 1375-жылдагы Каталония картасында ал Ысык-Көлдүн түндүк жээгине түшүрүлгөн. Академик В. В. Бартольд бул шаарды андан байыркы мезгилде эскерилген Ысык-Көлдүн түн жээгиндеги Сык-Көл шаарына окшопггурган. Орто кылымдагы авторлор Сык-Көл шаары чоң жана бай шаар болгон, ал карлуктар менен жикилдердин жерлеринин чек арасында, мусулмандардын жерине жакын жайгашкан деп жазышкан, бирок шаардын жайгашкан жерин так көрсөтүшкөн эмес. Д. Ф. Винниктин ою боюнча Ысык-Көл (Сык-Көл) шаарынын калдыгы Тору-Айгыр шаар чалдыбары (Тору-Айгыр суусунун төмөнкү агымында). Мында 10—14-кылымда курулган монумент имараттардын калдыгы жана көптөгөн материалдар табылган

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)