Касым Тыныстанов атындагы (Каракол ш., 1-май көчөсү, 32). 1940-жылы түзүлгөн Мугалимдер институтунун базасында 1953-жылы Каракол педагогикалык институту катары негизделген. 1988—91-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин Караколдогу филиалы катары иштеген. 1991—92-жылы Ысык-Көл мамлекеттик педагогикалык институту, 1992-жылдан мамлекеттик университет. Кыргндын чыгыш райондору үчүн кадрларды даярдоочу ири окуу жана ил.-мад. борбор. 1993/94-окуу жылында 7: физика, математика, көркөм-графикалык, башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, инженерпедагогикалык, бизнес жана жаратылынггы пайдалануу («экономикалык билимдердин негиздери бар география» бөлүмдүү), кыргыз филологиясы факультеттери болгон. Университет төмөнкүдөй адистерге даярдайт: математика, кошумча информатика адистиги менен колдонмо математика; физика; кесипчилик окутуу жана техникалык сабактар (инженер-педагог); сүрөт өнөрү, чийүү жана көркөм эмгек; баиггалгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы; кыргыз тили жана адабияты; кыргыз эмес мектептер үчүн кыргыз тили; мектепке чейинки педагогика жана психология кошумча англисче тили адистиги менен; герграфия жана экономикалык билимдин негиздери; токой жана бак-парк чарбачылыгы; дары-дармек жана эфир майын берүүчү өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы; айланачөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын үнөмдүү пайдалануу; бизнести уюиггуруу жана башкаруу; туризмди жана альпинизмди уюштуруу кошумча англис тил адистиги менен.
Студенттер 4 жыл окугандан кийин илимдин бакалавры деген наам алышат. Алардын ичинен айырмалангандар дагы 2 жыл окуп, илимдин магистри болушат. илимий изилдөө ииггеринин негизги багыттары: Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшү; мектепте жана ЖОЖдо окуу-тарбия процессин уюштуруунун негизги формасы катары сабактын натыйжалуулугун жогорулатуунун психология-педагогикалык факторлору; кенже окуучулардын эстетикалык. мад-ын калыптандыруу; келечектеги банггалгыч класстын мугалимдери менен бала бакчалардын тарбиячыларын кесиптик даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу; ЭЭМде «Манас» эпосунун лексикасын изилдөө; функционалдык тендемелер теориясы; жер титирөөнүн пайда болуу убактысын прогноздоонун геофизикалык методдорун изилдөө. Университет 3 окуу корпусуна жайгашкан. Анда 17 окуу жана 3 илимий лаборатория, 5 окуу мастерскойлору жабдылган. 10 га жерди ээлеген Ботаникалык бак бар. 2000ден ашык студент окуп, 230 окутуучу (анын ичинде 3 проф., 2 илим доктору жана 86 кандидаттары), 86 лаборант жана окуу мастерлери, 12 инженер жана оператор (ЭЭМдин) иштеген.
900 студент жашаган 3 студенттик жатаканасы, 75 орундуу (медициналык тейлөөсү бар) профилакторийи бар. Университеттеги 150 компыотерлүү эсептөө борбору окуу процессин, илимий изилдөөлөрдү жана финансы-чарбалык ишмердүүлүктү жүргүзөт. илимий китепканасынын китеп фонду 0,5 млн нуска китеп жана журналды түзүп, анын абонементи, 240 орундуу 3 окуу залы бар. 2 спорт залы, бир канча жабдылган спорт аянтчалары болуп, студенттер спорттун 11 түрү менен машыгышат. Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы спорттук-ден соолукту чыңдоочу лагери бар. Студенттер илимий изилдөө инггерине, өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине катышышат. «Айлампа» ансамбли уюшулуп, республикалык фестивалдарга катышууда. Университетте К. Тыныстановдун, К. Карасаевдин музейлери уюшулган.