Ысык-көл мамлекеттик коругу

1948-жылы уюшулган. Ага көлдүн акваториясы жана көл жээгиндеги жазылыгы 2 чакырым келген тилке кирет. Ал тилкенин бири биринен обочолонгон 9 бөлүгү корукка алынган. борбору чарбагы Ананьев айлында. Коруктун негизги милдети:суучул купггарды, жээк фаунасын жана флорасын коргоо, балык промыселин көзөмөлдөө. Суучул куштардын өзгөчө коргоого алынгандары: ак куу, кызыл тумшук өрдөк (соно), кашкалдак, боз каз. Көлгө жазында жана күзүндө келгин купггар токтоп, азыктанып, учуп өтүшөт. Көл тоңбогондуктан көптөгөн суучул купггар кыпггап калышат.

Ошондуктаң Эл аралык Коңвенциянын чечимине (1975-ж.) ылайык Ы.-К. м. к. эл аралык маанидеги өзгөчө корулган аймактардын тизмесине киргизилген. Жээк бөлүктөрүндө чычырканак, бөрү карагат, алтыгана, камыш өсөт; бодурлуу саздак жерлери, майда көлчөлөрү жана бийик чөптүү шалбаа жерлери бар. Бул жээк тилкесин суучул кушар, кыргоол, коён, түлкү, ондатра (байырлапггырылган) жана башкалар мекендейт. Көлдө жана жээк тилкесинде өтө азайып же жок болуп кеткен жаныбарлар кийинки мезгилде кайра көбөйүүдө. Корук табият коргоо менен катар илим изилдөө инггерин да жүргүзөт. Суу-сазда жашоочу купггардын жана сүт эмүүчүлөрдүн экологиясы, өсүмдүктөр изиметрденет.

Корук 100 миң гата жакын аянтты камтыйт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)