Ысык-көл көчмөндөрүнүн отурукташууга өтүшү

Кыргызстан Россиянын курамына бириктирилгенге чейин мында отурукташуу тарыхый ар кайсы мезгилде жапырт эмес үзүккелки, өтө солгун жүргөн. 19-кылымдын аягы ченинен тартып, Россиянын экономикасынын тийгизген таасиринен улам жерге эл бир аздан болсо да отурукташууга өтө банггаган. Биринчилерден болуп жут мезгилинде малынан айрылып калган кедей-кембагалдар отурукташкан. Октябрь рев-ясына чейин Ысык-Көлдүк кыргыздардын негизги чарбасы көчмөн жана жарым көчмөндүү мал чарбасы болгон. Кеңеш бийлиги чыгарган «Жер жөнүндө декрет» жана «Жерди коомдонггуруу» ждөгү негизги законго таянып, Түркстан крайынын дыйканчылык боюнча комиссары 1918-жылы 9-февралда жер реформасын жүргүзүү жөнүндө буйрук берген. Байлардын бүт жери, анын ичинде шаймандары, унаа, үрөндүк эгин, ошондой эле суу, токой, жер комитеттеринин карамагына өткөн. Алар болсо аны тең бөлүнггүрүүгө милдеттүү болушкан.

Жерге жайганггырууну жөнгө салуу болуштук жер комитеттерине жүктөлгөн. Упгуга байланыштуу 1918-жылдын аягында Каракол уездинде 13 жер-суу комитети уюшулуп, алар калк арасында агрардык мамилелерди жөнгө салышкан. жергиликтүү советтер жер-суу комитеттери менен бирдикте бардык жерди мамлекеттештирүүгө, бай, манап, кулактардын жерлерин конфискациялап, аны көчмөндөргө бөлүштүрүүгө өтүшкөн. Мындай чаралардын жүрүшү көчмөндөрдүн отурукташуусуна жана кийин коллективдүү чарба жүргүзүүгө өтүүгө шарт түзгөн.

1921—22-жылы реформадан кийин көчмөндөрдүн отурукташуусу менен дыйканчылык кылуусу бир кыйла өнүгө баштаган. 1925-жылкй РКП(б)нын Кыргыз обкомунун РКП(б) БКнын Орто Азия бюросуна берген отчётунда «отурукташуу процесси Пишпек менен Каракол - Нарын округдарында бир кыйла ылдам жүрүп жатат, элге жерден башка салык боюнча жеңилдик жана айыл чарба шаймандарынан айрым жардамдар берилүүдө» деп жазылган. Туташ коллективдепггирүүнүн башталышында көлдүк көптөгөн чарба отурукташкан. Мал чарбасы товардык дыйканчылыкка айлана баштаган. Мына ушундай шартта кыргыз айылдарында ортолонггуруу күчөп, бай-манап жана кулактардын экономикалык позициясы начарлаган. 1929-жылдын жайында Жети-Өгүздө 2,6 миң, Караколдо 3,8 миң, Балыкчыда 5,2 миң көчмөн чарбалар болгон.

Пландуу түрдө отурукташуу маселеси ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 2-пленумунда (1—4-февраль, 1931) жана Советтердин бүткүл кыргызстандык 3-съезддинде (6—12-февраль, 1931) кенен талкууланган. Пленумдун жана съезддин чечимдеринин негизинде Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар совети 1931-жылы апрелде «Кыргыз АССРинде көчмөн жана жарым көчмөн калкты отуруктапггыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө» токтом кабыл алган. Анда пландуу түрдө отурукташуунун максаты менен милдеттери жөнүндө айтылган. Пландуу отурукташтыруу комплекстүү мүнөздө болгон. Көчмөн калкты колхоз, совхоздорго гана тартпастан, өнөр жай ишканаларына да орнопггуруу инггери жүргүзүлгөн. 1931-жылы 3-апрелде отурукташтырууну жетектөөчү республикалык комитет, 1931-жылы 18-октябрда Республиканын Жер инггери боюнча эл комиссариатында сектор, айрым жерлерде райондук комитеттер уюшулган. Балыкчы, Жети-Өгүз, Каракол районунун отуруктапггыруу боюнча комитеттери отурукташуунун негизги идеяларын жалпы эл массасына түшүндүрүп, отурукташуучу жерлерди аныкташып, экономикалык жана маданият жактан өнүктүрүү чараларын көрүшкөн. Негизинен отурукташуунун маселелерине: а) отурукташууга өткөн кедей-кембагалдарга колхоз жеринен кесип берүү; б) отурукташкан жерлерде жерге жайгаштыруу, мелиорация, жол куруу жана башкалар инггерди жүргүзүү; в) турак жай жана маданият курулупггарын (үй, мектеп, оорукана, китепкана, мал сарай дарыясы у. с.) КУРУУ1 г) отуруктанпсан чарбаларды үрөн жана айыл чарба шаймандары менен камсыз кылуу; д) колдо багылган малды тоют менен камсыз кылуу; е) жергиликтүү калктан айыл чарба тармактары, айрыкча мал чарбасы боюнча адистерди даярдоо кирген.

Отурукташтыруу комитеттери 1-беш жылдыктын аягында көчмөндөрдү отурукташтыруу боюнча чоң ийгиликтерге жетишкен. Аймактагы калктын 80-90% отурукташып, колхоздорго биригип, ортолоштурулган, мал колхоздуктовар фермаларында кармалган. Аймакта көп сандаган кыштактар пайда болуп, отурукташкан калкка үй, ошондой эле мончо, устакана куруу кеңири жолго коюлган. Бирок Сталиндин жана анын тегерегиндегилердин коллективдештирүү боюнча жүргүзгөн саясатынан улам алгачкы мезгилде отурукташууну уюштуруучу уюмдар тарабынан өтө орой каталыктар кеткен. Айрым убактарда көчмөндөр мурунку жашаган жерлеринен алыс отурукташып калышкан; бир кыйла чоң кыштактардын курулушу мал чарбасына ылайыксыз болгон; отурукташкан калкты суу, тоют менен камсыз кылуу эсепке алынган эмес; айрым райондордо көчмөндөрдүн макулдугусуз эле отурукташуу тез темп менен жүргүзүлгөн.

Бул каталыктар 30-ж-дын ортосунда араң жоюла баиггаган. Экинчи беш жылдыктын аягында Ысык-Көл аймагында отурукташуу маселеси дээрлик чечилген. 1939-жылы ар бир отурукташкан чарбага СССР айыл чарба банкы тарабынан 1,6 миң сом бөлүнгөн. 1939-жылдын аягында облус боюнча бардык дыйкан чарбаларынын 98,6% көчмөн жана жарым көчмөндүктөн отурукташкан чарбага айланып, бир нече айыл чарба артели түзүлгөн. Айылдарда чарбалык имараттар, мастерскойлор, соода түйүндөрү, турмуш тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар, мончо, мектеп, бала бакча, мад.-агартуу жана медициналык мекемелери курулган. Малчылар үчүн мамлекет тарабынан турак үйлөр курулуп, электр энергиясы жеткирилип, радио коюлган. Натыйжада 3беш жылдыктын тынчтык күндөрүндө аймакта отурукташуу аяктап, кыргыз айылдары өнүгө банггаган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)