Ысык-көл эпиграфика эстеликтери

Таш жана аска бетиндеги байыркы жазуулар. Алар эпитафия, дин жана келипкеткендердин жазууларынан турат. Алфавитинин түрүнө жараша руна (орхон-энесай), араб, сирия (несторий), тибет жана калмак жазуу эстеликтерине бөлүнөт. Руна жазуулары азырынча бир гана жерден (Кой-Сарыдан) табылган; 7—8-кылымга таандык. Көитөгөн араб жазуулары мүрзө үстүнө коюлган таш эстеликтерден (мусулмандардын), бир азыраагы аска беттеринен табылган. Чоң-Сары-Ой, Чолпон-Ата, Бостери, Темир, Чоң-Кой-Суу (Григорьев), Ишен-Ата, Кой-Сарынын өндүрлөрүнөн, Жууку, Барскон, Тосор, КажыСай, Тоң, Туура-Суунун алаптарында кездешет. 11—14-к-дарга таандык сирия (несторий) жазуулары (13—14-к.) Саруу айлынын тегерек четинен табылган. Кыргызстандагы жазуу эстеликтеринин эң көбүн «от мани падмехум» будда формуласы бар тибет жазуулары түзөт. Алар негизинен Тескей Ала-Тоонун этектериндеги Дөң-Талаа, Ак-Терек, Кескен-Бел, Тамга, Барскон өндүрлөрүндө жана Жууку суусунун төмөнкү жана жогорку агымында, Ырдык сууларынын бойлорунан кездешет.

Күнгөйдө болсо Ой-Тал, Чоң-Сары-Ой айылдарында табылган. Калмак жазуулары Ой-Тал, Ак-Өлөң (Ысык-Көлдүн түштүк-батышы) айылдарынын жанынан табылган. Тибет жана калмак жазуулары кербен жолдордун боюнда, элдер ыйык туткан мазар болгон жерлерде сакталган. Тибет жазууларынын бир бөлүгүн Тибеттен келген будда кечилдери калтырган (10—15-кылымга таандык).

Калган бөлүгү болсо калмактардын Ысык-Көл боюна келген убагына (16—17-кылымга) таандык.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)