Ысык-көл элдик театрлар

Кыйла жетилген өздүк көркөм чыгармачыл коллективдердин базасында түзүлгөн өз алдынча драмалык жана музыкалык театрлар. 1993-жылы 1-июлда облуста 8 Э. туулган, анын ичинде райондук, шаардык маданият үйлөрүндө 6, айылдык маданият үйүндө 2 Э. т. иштеген. Каракол театрына (Каракол ш., Октябрь көчөсү, 10) элдик наам 1964-жылы берилген. Коллективи 16 киши. Режиссёру К. Андашев (1986жылдан). Ысык-Көл райондук театры (Чолпон-Ата ш., Совет көчөсү, 153) 1967-жылдан элдик театр. Коллективи 16 киши, Режиссёру К. Абдылдаев (1986-жылдан). Б а л ы к ч ы шаардык театрына (Балыкчы ш., Фрунзе көчөсү) 1971-жылы элдик театр наамы берилген. Коллективи 23 киши.

Режиссёру Т. Турганбаев (1976-жылдан). Түп театрына (Түп айылы, Ленин көчөсү, 26) 1979-жылы элдик наам берилген. Коллективи 18 киши. Режиссёру Э. Жүзенов (1980—92). Барскон театры (Барскон айылы) 1981-жылы элдик театр деген наам алган. Коллективи 14 киши.

Режиссёру Б. Шаменова (1982-жылдан). Тоң театры (Бөкөнбаев айылы, Манасчы Мамбет көчөсү). 1957-жылы драма ийрими катары уюшулуп, 1992-жылы элдик театр наамын алган, коллективи 15 киши. Режиссёру 3. Касымалиев (1991-92), 1992-жылдан Э. Абылгазиев. Ак-Суу райондук театры (Теплоключенка айылында) 1991-жылы элдик наам берилген. Коллективи 15 киши. Режиссёру Э. Исмаилов (1991—93). Челпек айылдык театры (Ак-Суу районунда) 1986-жылы элдик театр наамын алган. Э. т-да Т. Абдумомуновдун («Ашырбай», «Перзенттин зары» жана башкалар), М. Борбугуловдун («Азган кыз»), Б. Жакиевдин («Атанын тагдыры», «Алтын аяк», «Үмүт» жана башкалар). Б. Өмүралиевдин («Тагдырдын өгөй балдары», «Чоң Казаттан бир үзүм» жана башкалар), М. Тойбаевдин («Ак тамак, көк тамак», «Унутчаак жеңе» жана башкалар), М. Байжиевдин («Төрт адам», «Адашкан адам» жана башкалар), Ч. Айтматовдун («Жамыйла»), Н. Байтемировдун («Уркуя»),Г альдонинин («Эки мырзанын малайы»), В. Шекспирдин («Отелло»), Б. Калчабаеванын («Мен сүйгөн обон»), С. Мамбетисаевдин («Ажар»), Э. Токтогуловдун («Бүркүт уядагы окуя») жана башкалар пьесалары коюлган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)