Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Ысык-көл

Кыргызстандагы эң ири көл жана дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн ирилеринин бири. Республиканын түндүк-чыгышында жайгашкан. Күңгөй жана Тескей АлаТоолору менен курчалган кеңдик багыттагы кенен ойдуңдун таманын ээлеп жатат. 1968-жылкы батиметрияльпс ченөөлөр боюнча көлдүн узундугу 178 чакырым, туурасы 60,1 чакырым, орточо тереңдиги 278,4 м, эң терең жери 668 м, аянты 6236 чарчы/чакырым, суусунун көлөмү 1738 чакырым. Андан бери көлдүн деңгээли 1,1 метрге төмөндөгөндүктөн аянты 50 км2те> суусунун көлөмү 7 кл£3ге азайган (1986).

Үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү мезгилинде (1927—86) анын деңгээли 3 метрге, башкача айтканда жыл сайын 5,1 смте бөксөргөн. Бирок айрым мезгилде (1956—60, 1981—82-ж.) көлдүн деңгээли бир аз (30 слге чейин) көтөрүлгөн. Ысык-Көл жайгашкан тоо арасындагы тектон. чуңкурдук-мегасинклинорий. Азыркы түзүлүшүнүн негизги сөлөкөтү палеогендин аягынеогендин альп орогенинин убагында калыптанган. Алгачкы Ы.-К. плиоцендин башында пайда болгон. Плиоцен, плейстоцен жана голоцен мезгилдеринде тектон. кыймылдан жана климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында көлдүн деңгээли циклдик тартылууга жана кайра көтөрүлүүгө дуушар болгон. Ы.-К-дүн түбү түзүлүшү жагынан 4 морфологиялык элементтен турат: суу түпкүрүндөгү түздүк жана 3 тектир комплекси.

Суу түпкүрүндөгү түздүк көлдүн түштүк тарапка бир топ ыктаган борбору бөлүгүн ээлеп, 660—350 м тереңдиктерде жатат (абиссалдык түздук). Төмөнкү тектир (материктик каптал) көл чанагынын ортосун карай эңкейиштеп (200 лсден 300—350 м тереңдикке чейин), анын таманын түпкүрдөгү түздүк улап кетет. Ортоңку -110—150 м тереңдиктеги айдөөш тектир плейстоцендин башында пайда болгон. Жогорку тектир комплексине сайроон (Одөн 30—50 лсге чейин) жана жогорку кырчоонун кашаты (анын таманы 110 л£ тереңдикте) кирет. Бул жерден голоцен тартылуусундагы көлдүн тереңдигин чагылдырган каньондор бүтөт. Жогорку тектир комплексин кесип өткөн каньондор кургактагы суу өрөөндөрүнүн уландысы.

Көл жээги көбүнчө кум-шагылдуу, бир аз эңкейиш, тегиз түздүк. Бийик жардуу, аска-зоокалуу (абразиялуу) жээктер өзгөчө көлдүн түштүк, бында. Составы жагынан көл жээктери органогендик, хемогендик жана терригендик болуп бөлүнөт. Алардын ичинен терриген чөкмөлөрү (кум, шагыл, чопо, тунма ылай) басымдуу. Кумдуу кылаа (320 чакырым) Ысык-Көл жээктеринин 55,2%ин, фитогендик тунма ылай -18,8%ин түзөт. Камдашкан чоң келки, узун кумдуктар (литификаттар) да кезигет. Көл чанагынын морфологиясы Ы.-К-дүн деңгээли плейстоцен мезгилинде жогору көтөрүлүп тургандыгын айгинелейт. Плейстоцендин аягында эң жогорку чегине жетип, деңгээли 1640 м бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Бул мезгилде Ы.-К. кеңири жайылып, батыпгга Боом капчыгайына 20 кл£дей кирип турган; анда кумайлуу топурактан турган көл чөкмөлөрү кыртыпгганган.

Голоцендин башында көлдүн деңгээли азыркы абалынан 110 л£ге төмөндөп, жогорку тектир комплекси жана аны кесип өткөн суу астындагы өрөөндөр пайда болгон. Кийинки трансгрессиялардын тушунда (плейстоцендин аягы менен голоценде) көлдүн деңгээли кеминде 8 жолу өйдө көтөрүлүп жана ылдый түшкөн. Аларды көлдүн жээгиндеги кашаттар (мисалы, 1620 лщеги Көтмалды сайынын босогосу, өзгөчө көлдүн суу баскан капталдарындагы 20—25, 8—10 м тереңдиктеги тектирчелер, жалчалар) айгинелейт. Акыркы трансгрессияда (17-к-дан 18-кылымдын аягы -19-кылымдын башына чейин) көлдүн деңгээли 1619 л£ге чейин көтөрүлгөн. Ы.-К-дүн гидрографиялык тармагы негизинен кар-мөңгүлөрдөн куралган 118 агын суу жана убактылуу өзөндөрдөн турат. Агын суулардын аймак боюнча таралышы жаан-чачын менен мөңгүлөргө жараша болот.

Өрөөндүн мөңгүгө өксү болгон кургакчыл, каксоо батыш бөлүгүндө кургак сайлар басымдуу. Жыргалаң жана Түп сыяктуу ири суулар өрөөндүн жаан-чачындуу чыгыш бөлүгүндө. Агын суулар көбүнчө сугатка пайдаланылат. Майда өзөндөрдүн суусу түзөндөрдөгү борпоң кыртышка сиңип кетип, Ы.-К-гө жетпейт. Азыр көлгө жыл бою ЗОдай өзөн такай куят. Көл суусунун толукталуу балансын жаан-чачын (274 мм), агын суулар (245 мм жер асты менен кошулган агым (299 мм чыгашасын буулануу (836 мм) жана сугатка сарпталган суу (78 мм) түзөт. Ы.-К-дүн деңг-нин төмөндөшү порт, пристандардын иштешин татаалдаштырып жатат.

Бирок көл абалынын өзгөрүшү закон ченемдүү (циклдүү) процесс, ал жалпы планеталык, асыресе климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу. Ы.-К. минералданышы боюнча мала туздуу (6,0 г/л) көлдөргө таандык (деңиз суусунун туздуулугунан 5,5 эсе кем). Катиондордун суммасы 1,952 г//сг, аниондордуку 4,016 г/кг. Туздуулугу бча хлорид-сульфат-ңатрий-магнийлүү класска кирет. Тунуктугу кыпггын ызгаардуу мезгилинде көлдүн ортоңку бөлүгүндө 30—40 метрге жетет. 1975-жылы катталган Абсолюттук тунуктугу (47 м) боюнча дүйнөдөгү континенттерде жайгашкан көлдөрдөн, анын ичинде тунуктугу 42,2 метрге жеткен Байкал көлүнөн да озот. Кескин темп-ралык өзгөрүүлөр 100 м изобатага чейин жеткен четки тайыз бөлүгүнө мүнөздүү.

борбору бөлүктө суу темпрасынын сезондук өзгөрүүлөрү үстүңкү гана катмарда байкалып, андан төмөндө температура дээрЛик туруктуу (4°С). Тайыз жээк бөлүгүндө январь-февралда темпра 4,2—5°С, июль-августта 20—24°С. Көлдүн суу массасынын зор жылуулук сыйымдуулугунун негизинде Ы.-К. эч качан тоңбойт. Айрым өтө суук жылдарда гана жээк жагынан аз бөлүгү тоңот. Көлдө суу массасы темп-ранын жана туздуулуктун айырмасына жараша аралашат. Чоң суу массасы, жогорку жылуулук сыйымдуулугу жана тоңбогондугу менен көл өрөөндүн климатын жумшартып, мелүүндөтүп турат. Ошол себептүү Ы.-К. аймагында катуу суук же аптап ысык болбойт.

Көл кылаасынын климаты деңиз климатына окшоп кетет. Ы.-К-дө катуу шамал батыштан (Боом капчыгайы тарабынан) «улан», чыгыигган (Түп өрөөнү жактан) «санташ» согот. Уландын ылдамдыгы 25—30 м/сек, санташтыкы -17—20 м/сек. Көл жээгине түнкү жана күндүзгү желаргы - бриз мүнөздүү. Катуу шамал болгондо толкундардын бийиктиги 2,5 лсге жетет. Сейше кубулушу да байкалат. Көл түбүндөгү жашыл балырлар («хара») өзүнчө кеңири тилкени пайда кылат. Андан сырткары камыш, жекен, рдест жана башкалар өсөт.

Фитомасса негизинен 40 м тереңдикке чейин кездешет. Жээктеринде чычырканак, түрдүү бадал, дарак жана башкалар өсүмдүктөр өсөт. Балыктын 22 түрү кезигет. Анын 12си көлдүн өзүнүкү, калганы башка жактан алып келинген. өнөр ж-лык мааниси бар бальпстар - көк чаар, түрпү, каңылтыр, чабак, жилингир. Севан көлүнөн алып келинген жилингир балыгы өтө өзгөрүп жаңы түргө айлангандыктан ал азыр ы.-к. жилингири деп аталып, айрымдарынын салмагы 24 кгга жетти. Көлдө таман балык, кара балык, каңылтыр, байкал омулу жана башкалар балыктар байырлаштырылууда. Жылына 5—6 миң цге чейин балык кармалат.

Көлдү жана көлдүн жээгин канаттуулардын 98 түрү мекендейт. Жээк зонасында 16 миң га аймак мамлекеттик корукка айланган. Ы.-К. жээгинин климаттык шартынын ыңгайлуулугу, табиятынын кооздугу, дары баткактарга жана минералдуу сууларга байлыгы аны ири курорттук зонага айландырууга шарт түздү. Көл айланасында «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Чолпон-Ата», «Чолпон-Ата балдар», "Ысык-Көл", «Жыргалаң», «Жети-Өгүз», «Ак-Суу», «Тамга», «Ала-Тоо» сыяктуу курорт, санаторий, дем алуу үйү, туристтик база бар (к. Ысык-Көл курорт району). Көлдө туристтик кемелер жүрүп турат.

Көл кылаасында Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата ш-лары, ондогон айылдар жана бир нече пристань (Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол, Кызыл-Суу, Тоң, Григорьев жана башкалар) балык, кеме куруу жана ремонттоо заводдору жана башкалар бар; тарыхый-археологиялык эстеликтер, кооз жерлер көп.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)