Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үркөр

Качандыр бир убакта "Үркөр" менен Жетиген жерде жашаган адамдардан экен. Күндөрдүн биринде Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулууну Жетиген (Жети каракчы) ала качып, асманга чыгып кетишет... Үркөр артынан кубалап, кошо чыккан экен. Ошол Үлпүлдөктү ала качкан жети каракчы (Жетиген) ошол мезгилден бери алтын казыкты айланып качып, ал эми Үркөр аларды кубалап кармай албай жүргөнү жүргөн болуп калыптыр.

Кыргыз мифтеринде Үркөр жөнүндө айтылган баян эң эле көркөм болуп, кыргыздардын жылдыздарды баамдашы, алардын кыймылын наристе элестетүү өтө көркөм образдар менен түшүндүрүлгөн болуп да жылдыздар да адам сыңары жан болоору, алар адамдардай эле касиетке сүрөттөлүшү эң байыркы тааным жана түшүнүктү туюнтуп турат. Үркөр жөнүндөгү мифте Үркөр адамдан жаралган үч жылдыз, ал ар жылы кырк күндөн жерге түшүп кайтат деп билишкен. Ал тургай Үркөргө адамча мамиле жасашып, адамча сөз таштап кайрылган төмөнкүдөй ырды жолуктурабыз.
"Үркөр", Үркөр үч жылдыз,
Үркүп кайда барасың?
- Жөө желимге барамын
- Жөө желимде эмнең бар?
- Аштык айдар уулум бар.
Жибек созор кызым бар.
Жүгүрүп жүрүп жүн табат
Жүн арасынан тарак табат.
Таракты таттыма берем,
Таттым боз токтусун берет.
Карс урам, көлгө салам.
Көк ак уюмду берет.
Ак уюмдан аяк сүт чыгат.
Жатып ичсем жанбашыма төгүлөт.
Кооп ичсем койнума төгүлөт.

Экинчи турдө айтылышы:
Үркөр, Үркөр үч жылдыз,
- Үркүп кайда барасың?
- Эжекеме барамын.
- Эжекең сага не берет?
- Эчки саап сүт берет.
- Аны неге куясың?
- Жалпак ташка куямын.
- Жайылып кетсе кантесиң?
- Жалай, жалай коёмун
- Ээгиң сынса кантесиң?
- Эптей, эптей коёмун.
Үркөр жөнүндө айтылган бул сүйлөшмө ырда адамзат менен Үркөр аралаш жашап жүргөндөй элестейт. Жана келип, сүт менен жакындан таанышып жаткандыгы, сүт куя турган идиштин «жалпак таш» болуп, байыркы таш курал доорун айтып жатканы, "Үркөр" жөнүндөгү мифтин алда канча эртеде айтылганын туюнтуп турат.
Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 2865, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо