Ыктытуу

Ыктытуу — боор эттин рефлекстик жыйрылышы. Анда капысынан күч менен дем тартканда үн чыгуучу жылчык бүтөлүп калып мүнөздүү дабыш чыгат. Ы. дени соо кишиде эч себепсиз деле болушу мүмкүн. Кокусунан, бир аз убакытка созулган Ы. алкоголь ичкенде, ашыкча жегенде жана башкалар болот. Терең дем алуу, бир нече ууртам суу ичүү аны азайтат же такыр токтотот. Ы. тамак сиңирүү органдардын ооруларында, уремияда, кант диабетинде, нерв системасынын (мээ, жүлүн) ооруларында, боор этти же анын нервин шишик басып калганда, ошондой эле истерияда жана башкалар болот. Көп ыктыткан кишилер врачка кайрылып, себебин таап дарылануу талап кылынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)