Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Yй канаттууларынын Ньюкасла (псевдочума, жалган кыргын, азия кыргыны же Филарет) оорусу

Баш барак | Ветеринария | Yй канаттууларынын Ньюкасла (псевдочума, жалган кыргын, азия кыргыны же Филарет) оорусу

Бул оору менен тооктор жана башка канаттуулар ылаңдашат. Ооруну Улуу Британиянын Нью–Касл деген жеринен Дейл деген окумуштуу 1926–жылы аныктаган.

Оорунун күнөөкөрү. Вирус өтө кичине жандыктар (80-150 ммк) же болбосо 1 мметрдин 100дөн бир бөлүгү. Бул оруу менен үй канаттуулары (өрдөк, каздан башкасы баары ооруйт). Кээде адам баласы (өзгөчө сезгич жаш балдар) да ооруйт, бирок тез эле (4-5 күндө) айыгып кетет. Оорунун буктурма мезгили 24саттан 5 күнгө чейин.

Орунун булагы жана таркатуучулары. Оорулуу канаттуулар, алардын кыгы, эти, шилекейи жана башка калдыктары, адамдар, шаймандар, айбандар жана жапайы канаттуулар.

Ооруну себебин аныктоо. Канаттуулардын денеси ысыйт (42-44 градус), оозунан шилекей агат, өзгөчө какылдайт (түнкүсүн). Таажысы, сакалдары көгөрүп кетет, канаттары шалпайып ичи өтөт. Сойгондо ичеги карыны сезгенип бөтөгөнүн башы айлана канталаган болот.

Оорунун өтүү деңгээли. Акырын, тез, өтө тез ылдамдыкта өтөт. Өтө тез өткөндө 2-3 күндө 90-100 %га чейин тооктор кырылып калат (өзгөчө жөжөлөр).

Алдын алуу чаралары. Эгер оору тегеректеги айылдарда болуп калса, бир жылда 2 жолу жазда, күздө «Н» вакцинасын саюу жакшы натыйжа берет. Бул вакцинаны 2 айдан жогорку канаттууларга саюу керек. Жаш жөжөлөргө сайса өлүп калат, анткени вакцина өтө күчтүү. Жаш жөжөлөргө Ла Сота вакцинасын 15-20 жана 40-50 күндө эки ирет ичирүү керек. Эгер баштапкы жылдарда бул оору катталбаса анда жылына 1 жолу күзүндө (сентябрь, октябрь) вакцинациялоо жетиштүү. Бөлөк жерден тоок атып алсаңыз, ал канаттууларды үйдөгүлөргө кошпой, жок дегенде 10-15 күн бөлөк жерде өзүнчө кармаңыз. Тоок кананы таза кармоо. Жакшы тоюттандырсаңыз тоокторуңуз бул ооруга бир топ туруштук берет.

Дарылоо. Дарылоо жыйынтык бербейт, союу керек.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1673, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо