Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ыбырай Туманов (1885-1967)

Баш барак | Биографиялар | Ыбырай Туманов (1885-1967)

Ыбырай Туманов (1885-1967)Силер Паровоз аттуу күүнү уксаңар, ордунан акырындап козголуп, анан улам ылдамдап жүрүш алган паровоз көз алдыга элестелет. Мына ушул чыгарманы жана башка көптөгөн комуз күүлөрүн жараткан чоң комузчу - Ыбырай Туманов атабыз.

Комузчу жана элдик композитор Ыбырай Туманов Ысык көлдүн азыркы Ак суу районуна караштуу Ак булуң айылында туулган. Болочоктогу атактуу комузчу комуз чертүүнү жети жашынан тартып үйрөнө баштайт. Анын алгачкы окутуучу устаттары - өз атасы Туман жана анын иниси Жолбун болгон.

Комузчу он бир, он эки жашынан тартып байларга жалданып кой кайтарган. Ошентсе да ал комуз чертип, күү үйрөнүүсүн уланта берген. Албетте, бул анын жан багуу үчүн иштеген ишине тоскоол болуп, ал үчүн аны жазалашкан. Бой тарткандан комуз чертип тааныла баштаган Ыбрай Туманов жаштардын оюн-зоокторуна көбүрөөк катыша баштайт.

Анын өнөрү жаштарды гана эмес, чоңдорду да кызыктыра баштаган. Ыбырай аткаруучулук чеберчилигин башка комузчулар менен жолугушуу, чертишүү аркылуу өркүндөтүп турган. Өзү да күү чыгарып, алгачкы күүлөрү Манас эпосунун башкы каармандарына арналып Каныкейдин арманы, Алмамбеттин арманы деп аталган.

Белгилүү комузчунун аткаруучулук чеберчилиги Улуу Октябрь революциясынан кийин гүлдөп өстү. Ы. Туманов Каракол шаарындагы радио түйүнүндө музыкант аткаруучу болуп иштейт. Өзгөчө 1936-жылы жаңы уюшулган Кыргыз мамлекеттик филармониясына иштөөгө өтүп, элдик музыканын чоң устаттарынын катарына кошулушу анын чеберчилигинин андан ары өсүшүнө өбөлгө болду.

Комузчу мына ушул жерде өмүрүнүн акырына чейин иштеп, элдин жаңы турмушун даңктаган көптөгөн күүлөрдү жаратты. Алардын катарына Кеңеш, Колхоз курал, 8-Март, Эмгек баатыры, Жаш тилек, Улуу той, Тынчтык, Жеңиш жана башкаларды кошууга болот.

Ы. Туманов кыргыз адабияты менен искусствосунун 1939 жана 1958-жылдары Москвада өткөн декадаларына катышып, угуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Комузчунун эмгеги жогору бааланып, Кыргыз ССРинин эл артисти (1951) деген ардактуу наам берилген. Белгилүү комузчу Ы. Тумановдун жараткан күүлөрү бүгүнкү күндө да угуучуларды толкундатып, көңүлүн көтөрүп, ыракат тартуулайт.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 6021, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо