Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Выходцев Иван Васильевич

Выходцев Иван Васильевич (3. 9. 1893, Россия империясы, Тоолу Алтай округу, Томск губерниясы, Боровский кыштагы – 31. 3. 1971, Кыргызстан, Фрунзе шаары) – ботаник, биология илимдеринин доктору (1952), профессор (1953), Кыргыз CCP Илимдер Академиясынын академиги (1965). Кыргыз ССРинин илимий эмгек сиңирген ишмери (1947). Томск университетин бүтүрүп (1926), Кыргызстан мал чарба илим-изилдөө институтунда бөлүм башчы болуп (1930-43) иштеген, СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Биология институтунун директору (1944-49), ошол эле жерде геоботаника лабораториясынын жетекчиси (194970) жана бир эле мезгилде директордун орун басары. Тянь-Шань (Теңир-Тоо), Алай тоо кыркаларындагы өсүмдүк дүйнөсүн изилдеп, андагы өсүмдүктөрдү классификациялаган. Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Вертикальная поясность растительности Киргизии (Тянь-Шань и Алай). М., 1950, Растительность пастбищ и сенокосов Киргизской ССР. Ф., 1956, Растительность Тянь-Шань Алайского горного сооружения. Ф., 1976.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)