Волковенко Афанасий Иванович

Волковенко Афанасий Иванович 1907,Россия империясы, Томск губерниясы, Покровск болуштугу, Васильчуки кыштагы (азыркы Ключевск району) – 6. 11. 1944, Украина ССРи, Ровно облусу, Червоноармейск шаары Советтер Союзунун Баатыры. Советтер Армияга чакырылганга чейин (1941) Фрунзеде (азыркы Бишкек) «Кондитер» артелинде иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1-гвардиялык атчандар дивизиясына караштуу 6-гвардиялык атчандар полкунда эскадрондун командири болгон. 5 ай бою Смоленск облусунда фашисттик тылда согушкан. 1942-ж. 26-апрелде анын эскадрону Мышенка кыштагын (Угранский району) ээлеп алган. А. И. Волковенко жарадар болгонуна карабастан, катардан кетпей салгылашкан. 1942-ж. 19-июнда душмандын дзотун талкалап, Смоленск районунда фронттун линиясынан өтүшкөн. Ошондой эле Масальский жана Варшава шосселери үчүн уруштарга, Вязьма, Житомир, Луцк шаарын бошотуу үчүн салгылаштарга катышкан. А. И. Волковенко салгылашып жүрүп, Чехословакиянын чек арасына чейин жеткен. Салгылашта курман болгон. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)