Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Волейбол

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Волейбол

Волейбол (англисче volleyball, volley — «абадан уруу» жана ball — «топ») — спорттун түрү, тайпалык спорттук оюн, оюн процессинде эки топ же тайпа тор менен бөлүнгөн атайын аянтта топту атаандашы жакка төшөлмөгө уруу максатында багыттоо же коргонуучу тайпа ката кетирүүсүн көздөп мелдешишет. Ошону менен бирге бир тайпанын оюнчуларына чабуул жасоо үчүн топко үч жолу тийүүгө улуксат берилет.

Мазмуну
Волейбол
НегиздөөчүУильям Дж. Морган
ТүрүСыртта, кумжээкте, жабык имаратта
КонтактКонтакттык эмес
БөлүмТоп менен ойноо оюндары
Тайпадагы спорчулардын саны6
Мүлк-шайманТоп
Алгачкы оюн1895-жыл, Холиоке, Масачусетс, АКШ
Алгачкы мелдештер
Олимп оюндары1964-жыл
Дүйнө чемпионаты1949-жыл
Европа чемпионаты1948-жыл
Эл аралык федерация
АталышыFIVB
Негизделиши1947-жыл
Веб-сайтhttps://www.fivb.com/

Жалпы маалымат

Калыстын ышкырыгы угулуп, аянттын арткы сызыгынын сыртында турган оюнчу топту колу менен уруп, экинчи тарапка берүү менен оюн башталат. Топ тордун үстүнөн жапыз учуп өтүп, каршылаштардын эч кимиси күтпөгөн жерге барып түшөт. Көрсө оюнчу атайын ыкма менен чимирилтип учуруптур. Мындайда топ кайсы жакты көздөй чимирилгенине жараша күткөн жерден оңго же солго бурулуп, андан жакын же алыс барып түшүшү мүмкүн. Топту берүү чеберлигине көп нерсе байланыштуу болот. Топту калкытып берүүдө (бул берүү ушинтип аталат) топ чимирилбей, калкып учкудай кылып урулат.

Мындай берүүдө топ калкып баратып ылдамдыгын күтүүсүздөн жоготот да, жерге таш түшкөндөй тик түшөт. Топ жерге түшкүчө оюнчулардын бири жата калып барып, топту жогору көтөрүүгө үлгүрөт. Экинчи оюнчу топту көкөлөтө көтөрүп, тордун жанында турган үчүнчү оюнчуга берет, ал бийик секирип, топту тордун ары жагынан күч менен урат. (Эскерте кетчү нерсе - топту түртүп эмес, урууга гана жол берилет). Бийик секирип, күч менен урулган топту алуу кыйын. Бирок волейболчулар эң кыйын топторду алуунун ыктарын билишет.

Атаандашынын оюн байкаган оюнчу бийик секирип, топту алаканы менен тосот. Бул ыкма блок (мындан ары тосуу) деп аталат. Тордун жанында турган эки же үч спортсмен бир мезгилде секирип, алакандарын тосушу да мүмкүн. Бирок тосууга каршы да чара бар. Чабуулчулар тосуу түзгөн атаандаштардын абада асылып тура беришпесин, бир аздан кийин эле кайра жерге түшөрүн билишет. Ошондуктан топту экинчи болуп алып жаткан оюнчу тордон ашыра күч менен урчудай болуп бийик секирет да, эки же үч атаандашы секирип тосуу түзүшкөндө, топту өз командасындагы үчүнчү оюнчуга берип коёт. Эми эле тосуу түзгөн оюнчулардын таманы жерге тийген учурда топ да алардын аянтына барып түшөт.

Волейбол — спорттун контакттык эмес, комбинациялык түрү, мында ар бир оюнчу аянтта так адистикке ээ. Оюнчулардын маанилүү сапаттарына сеткадан өйдө секире алуусу, реакция, координация, эффективдүү чабуулдарды жасоо үчүн физикалык күч-кубат кирет.

Волейбол — эрежелердин татаал эместигине жана керектүү каражаттардын жеткиликтүү болгонуна байланыштуу көңүл ачуунун жана эс алуунун кеңири жайылган түрлөрүнө таандык.

Волейболдун эл аралык спорт түрү катары борбодук башкаруучу органы — Эл аралык волейбол федерациясы саналат, FIVB — Faderation Internationale de Volleyball. Олимп оюндарынын программасына 1964-жылы кирген.

Волейболдун негизги түрүнөн пайда болгон көптөгөн түрлөрү бар — кумжээк волейбол (олимпиялык түрү 1996-жылдан тарта), кар үстүндөгү волейбол, мини-волейбол, пионербол, парктык волейбол (Токио шаарында 1998-жылдын ноябрь айында FIVBдин конгресси менен бекитилген), отуруп алып ойногон волейбол (спорттун паралимпиялык түрү).

Тарыхы

Келип чыгышы

Волейболдун ойлоп табуучусу катары АКШнын Масачусетс шатындагы Холиоке шаарынын Жаш христиандар ассоциация колледжинин физикалык жактан тарбиялоочу мугалим Уильям Дж. Морган (William George Morgan) эсептелинет. 1895-жылы ал спорт залда теннистик торчону 198 см бийиктикте илип койгон, окуучулары болсо аянтта тордун үстүнөн баскетбол тобун ары-бери ыргыта башташкан. Морган жаңы оюнду «минтонет» атаган. Кийинчерээк оюн Спрингфилддеги жаш христиандар ассоциация колледждеринин конференциясында көрсөтүлүп, профессор Альфред Т. Хальстеддин сунушу менен «волейбол» аттуу жаңы аталышка ээ болот. 1897-жылы АКШда волейболдун алгачкы эрежелери жарыяланат: аянттын өлчөмү 7,6×15,1 м (25 x 50 фут), торчонун бийиктиги 198 см (6,5 фут), топтун айланасынын өлчөмү 63,5—68,5 см (25—27 дюйм) жана массасы 340 г, аянттагы оюнчулардын жана топко кол тийгизүүнүн саны регламентацияланган эмес, топту берүүдө (подача) гана упай саналган, ийгиликсиз берүүдө аны кайталаса болот, бир саамда 21 упайга чейин ойношчу.

Уильям Дж. Морган
Уильям Дж. Морган, сүрөт булагы: Волейболдун официалдуу эрежелери, 1916-1917.

Оюндун өнүгүү процессинде эрежелер, техника жана тактикалар жакшыртылып турган. Биздин күнгө чейин жеткен негизги эрежелер 1915—1925-жылдарда калыптанган: 1917-жылдан тарта бир саамдын (партиянын) упайлары 15ке чейин кыскартылып, торчонун бийиктиги 243 см жеткен; 1918-жылы аянтчадагы оюнчулардын саны 6 болуп аныкталган; 1922-жылдан тарта топко үчтөн ашпаган кол тийгизүүгө улуксат берилген; 1925-жылы заманбап аянттын өлчөмү, топтун өлчөмү жана салмагы бекитилген. Бул эрежелер Америка, Африка жана Европа өлкөлөрүндө пайдаланылган, ал эми Азияда 1960-жылдарга чейин жеке эрежелери менен ойношкон: 11×22 м аянтта тогуз же он эки оюнчулар менен матч убагында оюнчулардын позицияларынын алмашуусу жок ойногон.

1922-жылы биринчи жалпы улуттук мелдеш өткөрүлгөн — Бруклинде YMCA чемпионаты 23 эркектер тайпаларынын катышуусунда өткөн. 1924-жылы Чехословакияда баскетбол жана волейбол бирикмеси түзүлгөн — волейбол боюнча Европадагы биринчи спорттук уюм. 1920-жылдардын экинчи жарымында Болгарияда, СССРде, АКШда жана Японияда улуттук федерациялар пайда болгон. Ошол эле мезгилде башкы техникалык ыкмалар калыптанат — берүү, өткөрүүлөр, чабуулдук сокку жана тосуу (блок). Алардын негизинде тайпалык иш-аракеттер тактикасы жаралат. 1930-жылдарда тайпалык тосуу жана коопсуз кылуу ыкмалары пайда болуп, чабуулдук жана алдоо соккулары ар түрдүүлөнүп турган. 1936-жылы Стокгольмда өткөн гандбол боюнча эл аралык федерациянын конрессинде Польшанын делегациясы гандбол федерациясынын бөлүгү катары волейбол техникалык комитетин уюштуруу демилгесин көтөрөт. Анда Европанын 13 өлкөсү, Американын 5 өлкөсү жана Азиянын 4 өлкөсү кирген комиссия түзүлгөн. Бул комиссиянын мүчөлөрү негизги эрежелер катары Америкалык эрежелерди, анча-мынча өзгөртүүлөрү менен кабыл алышкан: өлчөөлөр метрдик пропорцияда өткөрүлүп, топко дене менен белден өйдө жагынан тийүүгө улуксат берилген, тосууда топко тийүүдөн кийин экинчи ирет кайталап тийүүгө тыюуу салынган, аялдар үчүн тордун бийиктиги — 224 см, топту берүү зонасы катуу чектелген.

Согуштан кийинки тарыхы

Экинчи дүйнөлүк согуш (1939—1945) аяктагандан кийин эл аралык байланыштар кеңейген. 1947-жылдын 18—20-апрелдинде Париж шаарында 14 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан Эл аралык волейбол федерациясынын (FIVB) биринчи конгресси өткөн: Белгия, Бразилия, Венгрия, Египет, Италия, Нидерланд, Польша, Португалия, Румыния, АКШ, Уругвай, Франция, Чехословакия жана Югославия, булар FIVBдин официалдуу биринчи мүчөлөрү болгон. 1949-жылы Прагада эркек тайпалар арасында биринчи дүйнө чемпионаты болгон. 1951-жылы Марселдеги конгрессте FIVB официалдуу эл аралык эрежелерди бекитип, анын курамында арбитраждык жана эрежелерди иштеп чыгуу, аларды жакшыртуу комиссиясы түзүлгөн. Саамдарда (партия) оюнчуларды алмаштыруу жана тайм-ауттарга улуксат берилген, аялдар жана эркектер тайпаларында 5 саамдан турган матчтар өткөрүлө баштаган.

FIVBдин биринчи президенти катары 1947-жылы француз архитектору Поль Либо (французча Paul Libaud) шайланган, кийин ал бир нече жолу кайра шайланып, 1984-жылга чейин кызмат кылган. 1957-жылы Эл аралык олимпиада комитетинин 53-сессиясында волейбол спорттун олимпиадалык түрү деп жарыяланган; 58-сессияда эркектер жана аялдар арасындагы Токиодогу XVIII тандама олимпидалык оюндарда волейбол мелдешин өткөрүү чечими кабыл алынган. Токио олимпиадасынан кийин оюндун эрежелерине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилеген — тосуучуларга (блокчуларга) колун торчо үстүнөн атаандашы жакка өткөрүүгө жана тосуудан кийин кайталап топко кол тийгизүүгө улуксат берилген. 1970-жылы тордун четтеринде антенналар орнотулуп, 1974-жылы судьялык сары жана кызыл кагазчалар (картачалар) пайда болгон.

1960—1970-жылдардагы Эл аралык мелдештерде Чехословакия, Польша, Румыния, Болгария, Япония, СССР өлкөлөрүнүн курамалары жакшы жыйынтыктарга жетишкен.

1980—1990-жылдардагы волейболдун өнүгүүсү

1984-жылы FIVBдин президенти Поль Либонун ордуна Мексикалык адвокат Рубен Акоста келген Рубен Акостанын демилгеси менен оюндун эрежелери мелдештин көркөмдүүлүгүн жогорулатуу жана телеберүүлөргө жараша матчтардын узактыгын кыскартуу багытында көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болот. 1988-жылы Сеулдагы олимпиада оюндарынын алдында FIVBдин XXI конгресси өтүп, анда чечүүчү бешинчи матч регламентиндеги өзгөрүүлөр кабыл алынган: чечүүчү матч оюну «ралли-пойнт» же «тай-брейк» системасы ойнолуп, 1990-жылдары да биринчи төрт матчтын упайлар чеги 17 упайды түзгөн (башкача айтканда атаандашынын 1 упай артыкчылыгы менен бүтө алган, мисалы 17:16). Волейболдук саамдардын убактысын чектөө боюнча эксперименттер жүргүзүлгөн, бирок 1988-жылдын октябрь айындагы Токиодогу FIVB конрессинде, дагы бир революциялык чечим кабыл алынган — ар бир саамды (партияны) «ралли-пойнт» системасы менен ойноо: биринчи төртөөнү — 25 упайга чейин, бешинчиси — 15ке чейин. 1996-жылы топко дененин каалаган бөлүгү менен тийүүгө улусат берилген (анын ичинде бут менен дагы), 1997-жылы FIVB улуттук курамаларга либеро оюнчусун кошууну сунуш кылган.

Бул мезгилге оюндун техника жана тактикасын жакшыртуу иштери улана берген. 1980-жылдардын башында секирүү учурунда берүү пайда болуп, капталдан берүү дээрлик колдонулбай, арткы катардан чабуулдардын жыштыгы көбөйүп, топту кабыл алуу ыкмаларында өзгөрүүлөр болгон — мурда популярдуу болбогон ылдый жагынан алуу эми эң негизги болуп калды, ал эми жыгылып баратып ылдый жагынан алуу дээрлик жокко эсе. Волейболисттердин оюндук функциялары азайган: мисалы, эгер мурда кабыл алууда бардык алты оюнчу иштесе, 1980-жылдардан баштап, бул функция эки аутплеердин (outplayer, ойноп бүтүрүүчүнүн) милдети.

Оюн күчтүү жана тезирээк болуп өзгөргөн. Спортчулардын боюнун бийиктигине жана атлетикалык даярдыгына талаптар жогорулаган. Эгер 1970-жылдары тайпада боюнун узундугу 2 метрден ашкан бир дагы спортчу боло албаса, 1990-жылдардан абал такыр өзгөргөн. Жогорку класстагы тайпаларда 195—200 см төмөн оюнчулар негизинен байланыштыруучу жана либеро. Күчтүүлөрдүн катарына жаңы тайпалар кошулган — Бразилия, АКШ, Куба, Италия, Нидерланды, Югославия.

1990-жылдан баштап Дүйнө лигасы ойнотула баштаган — волейболдун дүйнөдөгү атагын жогорулатуу максатында жыл сайын өтүүчү коммерциялык мелдеш. 1993-жылдан баштап аналогиялуу мелдеш — Гран-при аялдар арасында өткөрүлөт. 1980-жылдардын экинчи жарымында Италияда биринчи чыныгы профессионалдар лигасы түзүлөт, бул уюм башка өлкөлөрдүн улуттук чемпионаттарына үлгү болот.

1985-жылы Холиокто (АКШ, Массачусетс) волейболдук атак-даңк залы ачылып, ал жакка белгилүү оюнчулар, машыктыруучулар, тайпалар, уюштуруучулар, судьялар аттары киргизилет.

XXI кылымдагы волейбол

2016-жылдан тарта FIVB 222 улуттук волейбол федерацияларын бириктирген. Волейбол жакшы өнүккөн өлкөлөр: Бразилия, Польша, Россия, Италия, Кытай, АКШ, Япония, Сербия.

2008—2012-жылдары Эл аралык волейбол федерациясынын президенти болуп Кытай жараны Вэй Цзичжун (Wei Jizhong) иштеген, 2012-жылдын 21-сентябрындагы FIVBдин Анахаймдагы (Калифорния) XXXIII когрессинде жаңы президент катары Бразилия жараны Ари Граса шайланган.

FIVB жетекчилиги волейбол эрежелерин жакшыртуу боюнча иштерин уланта берет. Кээ бир өзгөрүүлөр мисалы, «торго кол тийгизүү» жана каршылаштар жакка «өтүп кетүү» сыяктуу каталарды талкулоо, тосуу аныктамасын тактоо, официалдык эл аралык турнирлерге оюнчулардын санын 14кө (алардын 2кө либеро) чейин кеңейтүү билдирмеси ж. б. 2009-жылы FIVBдин Дубайдагы XXXI конгрессинде бекитилген. Ошол эле жылы Дохадагы (тур турнир 17 жылдык тыныгуудан кийин кайра жаралган) клубдук дүйнө чемпионатында «алтын формула» аталган эреже колдонулуп көрүлгөн, анда кабыл алуучу тайпа өзүнүн биринчи чабуулун арткы сызыктан жасоого милдеттүү болгон. Тажрыйба жүзүндө атаандаштардын мүмкүндүктөрүн теңдөөгө жана топтун абада көбүрөөк болуусуна өбөлгө түзөт деген жаңы эреже күтүлгөн эффектти бербей, оюндун көркөмдүүлүгүн азайтып, көптөгөн оюнчулар, машыктыруучулар, адистер жана волейбол сүйүүчүлөр тарабынан сын-пикирге алынып, кийин колдонулбай калган.

2013-жылы ишке кирген эрежелердин жаңы редакциясы боюнча оюнчуну сары кагазча (карточка) менен жазалоо упайдын утулушу менен коштолгон эмес. 2013-жылдын апрель айында топту үстүнөн берүүнү кабыл алууну татаалдантуучу эрежени ишке ашырууну токтото туруу, утулган упайдан саамдарды 25тен 21ге чейин кыскартуу жана топту ойнотуу ортосундагы тыныгууларды кыскартуу чечими кабыл алынган. Ошол эле жылы акыркы жаңы эрежелер Евролиганын турнирлеринде, дүйнө чемпионатынын жаш эркек тайпаларынын улууларында, Бразилия чемпионаттарында пайдаланылып көрүлгөн, бирок андан кийин жайылып, таралган эмес. Ошондой эле 2013-жылы FIVB жана CEV (французча Confédération Européenne de Volleyball) эл аралык мелдештеринде видеокөрүүлөр системасы активдүү колдонулуп келет.

2014-жылдын 1-ноябрындагы Кальяридеги (Италия) FIVBдин XXXIV конгрессинде 2009-жылы кабыл алынган «эгер атаандашка тоскоолдук жаратпаса торго кол тийгизүүгө улуксат берилет» деген эреже жокко чыгарылат. Мурдагыдай оюнчу тарабынан торго кол тийгизүү ката болуп саналган. Андан тышкары, конгресс эл аралык мелдештер үчүн эркин аймактын тышкы сызыктарынын өлчөмүн 8 метрден 6,5 метрге чейин кичирейтүү, матчтарга келген билдирмелерге турнирге улуксат берилген бардык 14 оюнчуларды киргизүү, машыктыруучулук же техникалык тайм-ауттарды демөөрчүлөрдүн жана телекөрсөтүүнүн сунушу менен азайтуу чечимин кабыл алган.

Эрежелер

Жалпы эрежелер

Оюн, өлчөмү 18х9 метр болгон тик бурчтуу аянтта жүрөт. Волейбол аянты ортосунан торчо менен бөлүнгөн. Торчонун бийиктиги, эркектер үчүн — 2,43 м, аялдар үчүн — 2,24 м.

Волейбол аянты, корт

Оюн сфералык формадагы топ менен ойнолуп, айланасы 65—67 сантиметр, массасы 260—280 г.

Эки тайпанын ар бир курамында 14кө чейин оюнчу болушу мүмкүн, оюн учурунда аянтта 6 оюнчу боло алат. Оюндун максаты — чабуулдук сокку менен топту атаандаштын аянтындагы төшөлмөгө уруу же атаандашты ката кетирүүгө мажбурлоо.

Чучукулакка ылайык топ берилгенде (оюнга киргенде) оюн башталат. Топту оюнга берүү аркылуу киргизгенде жана ийгиликтүү ойнотулса топ берүү кезеги упай уткан тайпага өтөт. Бир тайпа турган аянт шарттуу түрдө 6 зона бөлүнгөн. Ар бир өтүүдө топ берүү укугу упай ойнотуунун натыйжасында бир тайпадан экинчисине өтөт, оюнчулар кийинки зонага (шарттуу 6 зона) саат жебеси боюнча жылат.

Волейбол зоналары (аймактары)

Жайгаштыруу

1—6 зоналарынын ортосундагы так чек ара жок, бирок аянттагы оюнчуларды жайгаштыруу жана алардын иш-аракетине болгон чектөөлөр бар:

Волейбол катарлары
  1. оюнчулар «алдыңкы катар» (2, 3, 4-зоналар) жана «арткы катар» (1, 5, 6-зоналар) болуп бөлүнөт. Арткы катардагы оюнчулар тосууларды коюп жана алдыңкы зонадагы тростон жогору, торчонун жанында чабуул жасай алышпайт (үч метрлик сызыкка жакын).
  2. топ берүү учурунда ар бир тараптагы оюнчулардын арткы катардагылары алдыңкы катардагысына караганда торчого жакын турбашы керек (1чиси 2ге, 6сы 3кө, 5си 4кө жакындабай), ошондой эле ар бир сызыктын ичиндеги ирет сакталышы керек: солдон оңду карай 4, 3, жана 2 зона номериндеги оюнчулар; ошондой эле солдон оңду карай 5, 6 жана 1 оюнчулары. Бирок 5 зонанын оюнчусу 3 зонанын оюнчусуна караганда торчого жакыныраак жайгашууга эрежелер тыюуу салбайт. Топ берилгенде оюнчулар аянт ичинде каалагандай баса беришет.

Заманбап профессионал волейболдо оюнчулар белгилүү бир зонада ойногонго аракет кылышат («оюнчулар амплуасы» же ролу), топ берүү алдында жайгаштыруу талаптарын аткаруу үчүн тизилишет, топ оюнга берилген соң, мелдеш бүткөнчө саат жебеси менен каалаган зонага туруп алышат.

Топ берүү

Топ берүүнү (топту оюнга киргизүү) акыркы өтүүдө 2-зонадан 1-зонага өткөн оюнчу ишке ашырат. Топ берүү оюн аянтынын артынан, арткы сызыктан тышкары аймактан топту атаандаштын аянтынын ортосуна түшүрүү же кабыл алууну татаалдатуу максатында берилет. Топ берүү учурунда оюн аянтчасына өтүп кетүүгө болбойт. Топ учуп баратканда торго тийиши мүмкүн, бирок тордун четтериндеги антенналарга же анын өйдө карай элестетилген уландысына тийүүгө болбойт. Эгер топ берүүдө топ алуучу тараптын (атаандаштын) төшөлмөсүнө тийсе, топ берүүчү тарапка упай берилет. Эгер топ берүүчү оюнчу эрежени бузса же топту аутка жөнөтсө, анда упай кабыл алуучу тарапка (антаандашка) берилет. Топ берүүдө анын торчо үстүнөн өтүүсүнө жолтоо кылып тосууга болбойт. Эгер, упай, топ берип жаткан тайпа тарабынан утуп алынса, топ берүүнү ошол эле оюнчу улантат.

Заманбап волейболдо секирүү учурунда күч менен топ берүү кеңири жайылган. Анын карама-каршысы кыска (пландоочу, тактикалык) топ берүү эсептелинет, мында топ торго жакын багытталат.

Топ берүүнү кабыл алуу

Топту негизинен арткы катардагы оюнчулар алышат, башкача айтканда 5, 6 жана 1 зонадагылар. Бирок берүүнү каалаган оюнчу ала алат. Кабыл алуучу тайпага үч жолу кол тийгизүүгө улуксат берилет (бир оюнчу эки жолу тийүүгө болбойт, бир жолу гана) жана үчүнчүсүндө топту атаандаштын аянтына өткөрүү керек. Топту аянттын каалаган жеринде жана эркин мейкиндикте ойнотууга болот, бирок каршылаштын аянтында болбойт. Эгер пас берүү аркылуу оюнчу топту өзүнүн оюн аянтына өткөрүүгө туура келсе, үч берүүнүн экинчисинде топ антенна ортосунан өтүүгө болбойт, антеннанын жанынан өтүшү керек. Кабыл алуудагы топту ойнотууда аны дененин каалаган бөлүгү менен кабыл алууга болсо дагы, аны эч кандай кечиктирүүгө жол берилбейт. Пландоочу берүүнү арткы катардагы 2 оюнчу кабыл ала алат, ал эми күч-кубаттуу берүүнү кабыл алуу үчүн 3 оюнчу талап кылынат.

Чабуул

Официалдуу волейбол эрежелеринен үзүндү:

14.1.1 Топ берүү же тосуудан тышкары бардык иш-аракеттердин натыйжасында топ атаандаш жакка багытталса булар чабуул соккулары болот.
Волейболдун 2015-2016-жылкы эрежесинен

Негизи жакшы кабыл алууда топ арткы катардагы оюнчулар менен кабыл алынып (1 тийүү), байланыштыруучу оюнчуга жеткирилет. Байланыштыруучу топту (2-тийүү) чабуулдук сокку жасоочуга (3-тийүү) берет. Чабуулдук сокку жасоодо топ торчонун үстүнөн, антенналардын ортосунан өтүшү керек, ошону менен бирге топ торго тийип кетиши мүмкүн, бирок антенналарга жана алардын элестетилген өйдө карай уландысына тийбеши керек. Алдыңкы катардагы оюнчулар аянтчанын каалаган чекитинен чабуул жасай алышат. Арткы катардагы оюнчулар чабуул жасоо алдында атайын үч метрлик сызык сыртынан жасашы керек. Эгер топ (жок дегенде жарым-жартылай) торчонун өйдөңкү чек сызыгынан төмөн болсо либеро оюнчусу чабуул жасай алат.

Чабуул соккулар: түз (оюн жүрүшүндө) жана каптал, оңго (солго) өткөрүү соккулары жана алдоо соккулар. Бардык чабуулдук соккулар чабуул жасоочулардын өзүнүн аянтында ишке ашырылат, каршылашы жакка колун өткөрүү сокку жасагандан кийин гана улуксат берилет.

Тосуу

Коргонуучу тайпа атаандашы чабуул жасоодо топту өзүнүн аянтына өткөрүүгө жолтоо кылып, денесинин каалаган бөлүгү менен тор үстүндө тосот, негизинен эрежелерден чыкпастан кол менен тосуучу оюн ыкмасы. Атаандаш жакка тордун үстүнөн атаандаштын чабуулуна же башка иш-аракетине тоскоолдук жаратпастан өткөрүүгө улуксат берилет.

Тосуу (блок) жалгыз бир оюнчу же тайпалык болушу мүмкүн (эки же үч иреттик). Үч жолу тийүү бир кол тийгизип тосуу деп эсептелинбейт. Алдыңкы катардагы оюнчулар гана тосууга болот, башкача айтканда 2, 3, 4 зонадагы оюнчулар.

Коргонуу (чабуулду кабыл алуу)

Чабуулдук соккуну кабыл алуу топ берүүдөн айырмаланып турат, анткени, коргонууда милдеттүү түрдө аянттагы бардык 6 оюнчу катышат; алдыңкы катардагы кээ бир оюнчулар тосуу коюшат (кээде үчөө тең), калгандары коргонууда ойношот. Коргонуучулардын максаты топту оюнда калтырып, мүмкүнчүлүккө жараша аны пас бергенге кайтаруу. Тайпанын бардык оюнчуларынын макулдашылган иш-аракетинде гана коргонуу эффективдүү болушу мүмкүн, ошондуктан оюнда коргонуунун схемалары иштелип чыгып, алардын экөө гана жарактуу деп табылган: «бурч менен артка» жана «бурч менен алга». Эки схемада четки коргоочулар каптал сызыктын жанында, тосуудан чыгып тордон 5-6 метр аралыкта турушат, ал эми 6-зонадагы коргоочулар схемага ылайык түздөн-түз артында (тосуу ыргытууларын тосушат) же маңдайкы сызыктан тышкары (тосуудан чыккан алыскы кайуюларды [рикошет] тосот) ойношот.

Либеро

Тайпанын бир (2009-жылга чейин — бир гана) же эки оюнчусу либеро болуп дайындалышы мүмкүн. Бул амплуадагы (ролдогу) оюнчулар тосууга, топ берүүгө, торчонун өйдөңкү чегине келген топко чабуулдук сокку урууга катыша албайт. Либеро оюнчуларынын формасы калгандарынан айырмаланып турушу керек. Судьяга айтпастан либеро оюнчуларынын чексиз алмаштырууга улуксат берилет. Либеро чабуул жасоого жана тосууга укугу жок болгондуктан, кайсы бир оюнчуну алдыңкы катарда кармоо максатында алар менен ордун алмаштырып, көбүнчө арткы катарда турат, мисалы, борбордук тосуучу менен алмашуу.

Регламент

Тайпанын бири 3 саам утуп чыкканда матч бүтөт. Матч башталаардын алдында биринчи судья тайпалардын капитандарынын катышуусунда чучукулак өткөрүп, утуучу же топту (топ берүү же кабыл алуу) же аянт жакты тандайт. Бир саам бүткөндө тайпалар аянт жактары менен алмашышат, ал эми 2:2 эсебинде бешинчи саам алдында жаңы чучукулак өткөрүлөт. Бешинчи саамга тайпалардын бири 8 упайга жетишкенде, жактар (тараптар) алмашат.

Волейбол саамы убакыт боюнча чектелбейт жана 25 упайга чейин улана берет, бешинчи саамда (тай-брейк) эсеп 15 упайга чейин болот. Ошону менен бирге каршылашы үстүнөн артыкчылык 2 упай болмоюнча саам улана берет.

Ар бир саамда машыктыруучу 30 секунддук 2 тайм-аут сурай алат. Кошумча биринчи 4 саамда тайпалардын бири 8 жана 16 упайга жеткенде техникалык тайм-ауттар дайындалат (60 секунда).

Ар бир саамда машыктыруучу 6дан ашпаган оюнчуларды алмаштырууга укугу бар (либеродон тышкары), бирок алмаштырылган оюнчу ошол саамда аны алмаштырган оюнчунун ордуна кайра кайтып келиши мүмкүн, мындайда акыркысы кийинки саамга чейин аянтчага чыга албайт. Ошондой эле оюн учурунда волейболист травма алып, бардык 6 жолку алмашуулар колдонулган болсо, «акыркы» алмаштырууга улуксат берилиши мүмкүн.

Эрежелерди бузуу

Төмөндө оюнга мүнөздүү болгон оюнчулардын жана машыктыруучулардын каталары берилет.

Топ берүүдө

Ойнотуудагы каталар

Регламент

Жазалоо түрлөрү

Оюнчулар амплуасы

амплуа (ролдор)мүнөздөмө
1 Ойноп бүтүрүүчү (экинчи темптеги чабуулчу [доигровщик]) Торчонун чет жактарынан чабуул жасайт жана «пайп» чабуулу; либеро оюнчусу менен бирге кабыл алууда катышат. Негизги жоопкерчилик аймагы — атаандашынын топ берүүсүн кабыл алуу, татаал, тосууда уюшулган ыңгайсыз берүү жерлеринен чабуул жасоо (көбүнчө «ойноп бүтүрүүнү» ойнотуу учурундагы өзүнүн тайпасынын коргонуу иш-аракеттеринде). Заманбап профессионал волейболдо аныктоочу сапат катары дал ушул кабыл алууга ойноо саналат (жакшы кабыл алуу байланыштыруучуга ийгиликтүү тез чабуулдарды жасаганга мүмкүндүк берет). Атаандаштын топ берүү учурунда аянтта дайыма эки ойноп бүтүрүүчү жана либеро топту кабыл алуудай кылып орундарды тандашат (калган оюнчулар байланыштыруучунун торго оңой мүмкүндүк алуусуна, ошону менен бирге оюндун эрежелерин бузбагандай турушат).
2 Диагоналдык Тайпанын эң күчтүү, бою узун жана жакшы секире алган оюнчулары. Арткы жана алдыңкы катардан чабуул жасашат (негизинен 2чи же 1-зоналардан), кабыл алууда катышпайт, ошонусу менен дайыма чабуулга даяр болушат. Заманбап волейболдо шартка ылайык чабуул жасоодо негизги жүктөмдү алып жүрүшөт, матчтын жүрүшүндө чабуул жасоодо эң көп упай табышат.
3 Борбордук тосуучу (биринчи темптеги чабуулчу) Шартка ылайык эң бийик бойлуу оюнчулар. Негизги жоопкерчилик аймагы — атаандашынын чабуулдарын тосуу (коргонуу эмес). Ошондой эле өзүлөрү да анча бийик эмес тез берүүлөрдө 3-зонадан чабуул жасашат («учуу», «биринчи темп менен чабуул жасоо»). Боюнун бийиктигинен жана торду бойлой тез жылып жүрүүсүнөн улам профессионалдык оюнчулар атаандашынын чабуулунда дароо эки тосууну коюууга жетишишет: алгач, мүмкүн болуучу 3-зона аймагында «биринчи темпке» каршы, андан соң 2чи же 4-номердеги зонага өтүп, өзүнүн өнөктөшүнө туураланып, «экинчи темпдеги» чабуулга кош тосуу коюуу менен. Негизи кабыл алууда катышпайт, арткы катардагы борбордук тосуучуну либеро оюнчусунун ордун ээлейт.
4 Байланыштыруучу Берүүлөрдү берет, оюнду жана өнөктөштөрүнүн чабуул варианттарын аныктайт. Байланыштыруучулар топту манжалардын учу менен секиртүү (скидка) (же берүүнүн ордуна «экинчи топко» күтүлбөгөн соккулар менен) жана берүүлөр менен өзүлөрү эле упай топтой алышат. Негизинен топ берүүнү болжолдуу 3-зонадан аткарышат (же 2 менен 3-зоналарынын ортосунан). Профессионалдык волейболдо кеңири жайылган 5-1 схемасында байланыштыруучу аянтта көптөгөн орун которууларды жүргүзөт, тайпасынын ар бир чабуулунда алгач топ берүү үчүн торго чуркап барып, андан соң кайрадан өзүнүн позициясына кайтат (арткы же алдыңкы катарга).
5 Либеро Негизги кабыл алуучу жана коргоочу, бою негизинен < 190 см. Көбүнчө арткы катардагы борбордук тосуучунун ордун ээлейт. Тайпада эки либеро оюнчусунун болуусуна эрежелер мүмкүндүк берет, кээде алар оюндук функциялар боюнча адистешет: бир либеро атаандаш топ берүүдө кабыл алуу үчүн чыгат, экинчиси өзүнүн берүүсүндө атаандаштарынын чабуулдарынан коргонуу үчүн чыгат. Либеро оюнчуларына топ берүүгө жана чабуулда катышууга болбогондуктан, алар дээрлик упай утпайт (өтө эле четтен чыккан учурларда гана).

Оюн тактикасы

Оюн схемалары

Оюн схемасы деп түрдүү амплуадагы оюнчулардын сандык жана сапаттык курамы түшүндүрүлөт. Оюнчулардын кеңири жайылган схемалары 4-2, 5-1 жана 6-2, мында 2-1-2 — аянттагы байланыштыруучулардын саны, ал эми 4-5-6 — чабуул жасоочу оюнчулардын шарттуу саны. 4-2 схемасында бири-бирине диагоналдуу жайгашкан 2 байланыштыруучу ойнойт. Ошентип, бардык жайгаштырууларда алдыңкы катарда бир гана байланыштыруучу бар, ал өткөрүүлөрдү берет. 5-1 схемасында аянтта бир гана пас берүүчү болуп, бардык жайгаштырууда 3-зонага чыгып ал жактан экинчи өткөрүүнү берет. 6-2 схемасы 4-2 схемасына аналогиялуу, бир гана айырмасы учурдагы жайгаштырууга жараша арткы катарда турган байланыштыруучу пас берет. Бул схема пас берүүчүгө бардык жайгаштырууда алдыңкы катарда үч чабуул жасоочунун болуусуна шарт түзөт. 4-2 схемасы эң жөнөкөй болуп, учурда волейбол сүйүүчүлөр (үйрөнчүктөр) тарабынан көп колдонулат. 5-1 схемасы пас берүүчүгө татаал, бирок бардык учурда колдонулат. 6-2 схемасы 5-1 схемасындай татаал жана либеро оюнчусунун пайда болуусуна чейин пайдаланылган. Бул пас берүүчүгө өзгөчө талаптарды коёт, алар берүүнү ойноп бүтүрүүчү катары кабыл алып, ойноп бүтүрүүчүлөрдөн кем эмес чабуул жасашы керек (алдыңкы катарда туруп). Бул схема үчүн кумжээк волейболунан келген универсалдуу оюнчулар идеалдуу туура келет.

Тактикалык комбинациялар

Чабуул жасоодо оюнчулардын тайпалык тактикалык иш-аракеттери белгилүү бир тактикалык комбинацияларда билинет — оюнчулардын бири биринчи темп менен чабуул жасап (төмөнкү берүү ылдамдыгында), экинчиси — экинчи темп менен чабуул жасаган (жогорку же орто берүү), алдын ала макудашылган жана даярдалган өз ара иш-аракеттерде. Комбинациялар белгилүү бир аталыштарга ээ: «толкун», «кайчылаш», «эшелон», «кайтаруу» ж. б.

Толкун комбинациясындагы биринчи жана экинчи темптеги чабуулчулардын торго чыгуусу орун которуу жолдорунун параллелдигин болушу менен мүнөздөлөт. 3-зонанын оюнчусу төмөнкү берүүдөн чабуул жасоо үчүн ылдам жүгүрүүнү ишке ашырып, бирок пасты анын жанындагы 4-зонанын оюнчусу алат. Ошону менен бирге 3-зонанын оюнчусу атаандаштарды алаксытып, соккуну имитациялайт, а бул 4-зонанын оюнчусуна чабуулду ийгиликтүү аяктоого мүмкүндүк берет.

Эшелон комбинациясында 3-зонанын оюнчусунун иш-аракеттери ошондой эле болуп, ал эми 4-зонанын оюнчусу 3нүн артынан секире калып сокку жасагандай кылып багытын өзгөртөт. Мындай топ берүү (өткөрүү) анча-мынча тордон алыстайт. Заманбап волейболдо көп колдонулуучу пайп комбинациясы эшелондон чабуул жасоо сызыгынан секирип чыгуучу 6-зонанын оюнчусу катышкандыгы менен айырмаланат.

Крест комбинациясында 3-зонанын оюнчусун өйдө карай умтулуп, ал эми 2-зонанын чабуулчусу өнөктөшүнүн артынан кайчылаш жүрүп отуруп, 3-зонадан чабуул жасайт.

Кайтаруу комбинациясында биринчи темптеги оюнчунун чыгуусу кадимки схема боюнча ишке ашырылат, ал эми экинчи темптеги оюнчу торчого «крест» же «эшелон» сыяктуу комбинациядагыдай чыгууну көрсөтөт, андан соң өзүнүн зонасына кайтып келип чабуулдук сокку жасайт.

Эгер байланыштыруучунун жанында экинчи темптеги оюнчу иш-аракет кылып жатса анда бул «тескери» болот (тескери крест, тескери толкун), эгер эки чабуулчу байланыштыруучунун эки жагында иш-аракет кылса, анда алар «аралаш» аталат.

Терминдер жана жаргондук түшүнүктөр

Түрдүү комбинациялар, техникалык элементтер жана оюн эпизоддору үчүн мындан башка дагы көптөгөн жаргондук аталыштар бар.

Көрүнүктүү волейболисттер

2000-жылы Эл аралык волейбол федерациясы XX кылымдын мыкты волейболисттерин аныктоо максатында сурамжылоо өткөргөн. Бул наамга аялдар арасынан кийинки адамдар номинацияланган: Лан Пин (Кытай), Инна Рыскаль (СССР), Регла Торес (Куба) жана Фернанда Вентурини (Бразилия), эркектер арасында орточо 8 адам: Петер Бланже (Нидерланд), Томаш Вуйтович (Польша), Карч Кирай (АКШ), Уго Конте (Аргентина), Йозеф Мусил (Чехословакия), Кацутоси Нэкода (Япония), Константин Рева (СССР) жана Ренан Даль Зотто (Бразилия).

Сурамжылоонун натыйжасы боюнча өткөн кылымдын мыкты аял волейболисти Регла Торрес (Куба) таанылган. Мыкты эркек волейболист болуп Карч Кирай (АКШ) жарыяланган, ал классикалык волейболдо (1984, 1988) эки алтын медал жана кумжээк волейболдо (1996) бир алтын медал утуп, волейбол боюнча биринчи үч жолку олимп чемпиону болуп калган. XX кылымдын мыкты тайпалары катары, үч жолку дүйнө чемпиону, Италиянын 1990—1998-жылкы эркектер курама тайпасы жана Япониянын 1960—1965-жылкы аялдар тайпасы таанылган.

Волейбол тарыхындагы Олимп оюндарында эң көп медал алгандардын катарында бразилиялык Сержио Сантос (эки алтын жана эки күмүш медал, 2004—2016), орусиялык волейболист Сергей Тетюхин (бир алтын, күмүш жана эки коло, 2000—2012) жана италиялык Самуэле Папи (эки күмүш жана эки коло, 1996—2004, 2012). Аялдар арасында кубалык Ана Ибис Фернандес (үч алтын жана бир коло, 1992—2004) жана советтик волейболчу Инна Рыскаль (эки алтын, эки күмүш, 1964—1976).

Рекорддор

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 30981, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-02-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу