Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Витаминдер

Витаминдер (латынча vita «жашоо» + амин) — гетеротрофтук организм үчүн курамдын азык бөлүгү катарында (жалпысынан — айлана-чөйрөдөн) абсолютттук зарылдык белгиси боюнча бирикккен, табияттагы түрдүү химиялык органикалык кошулмалардын тобу.

Жөнөкөй сөз менен айтканда витаминдер — адамдын организминде пайда болуучу же бир аз санда азык зат менен келүүчү нормалдуу зат алмашуу жана тиричилик үчүн зарыл органикалык заттар.

Автотрофдук организмдер дагы витаминге муктаж, алар витаминдерди синтез жолу же айлана-чөйрөдөн алышат. Мисалы, фитопланктон организмдерин өстүрүү үчүн витаминдер азыктуу чөйрөнүн курамына киргизилет. Витаминдердин көпчүлүгү коферменттер же алардын тектери.

Витаминдер азыктарда өтө көп санда болот, ошондуктан алар микроэлементтер менен катар микронутриенттерге таандык. Витаминдерге микроэлементтер, алмаштырылгыз амин кислоталары жана алмаштырылгыз майлар таандык эмес.

Так аныктаманын жоктугунан витаминдер түрүнүн санына ар кайсы мезгилде ар кандай түрлөрдү таандык кылышкан, кээ бирөө айтат 30 түрү бар деп, экинчиси 20 деп, үчүнчүсү 80 деп. 2018-жылга карата витаминдердин 13 түрү белгилүү.

Мурда деңиз кемелеринде коркунучтуу цинга оорусу пайда болчу. Кишинин тиштери бошоп, түптөрү канай баштайт. Деңизчилер алсырап, жатып калышат. Кеме кыйроосуна караганда цингадан адам көп кырылган. Деңизге сапарга чыгарда С витамининен көбүрөөк алып алса эч ким оорумак эмес. Азыр ушинтип айта салуу оңой. Ал эми 300 жыл мурун цинга, азыкта С витамини жетишпегендиктен пайда болорун адамдар билишкен эмес. Ал жаңы бышкан жашылча, жемиштерде көп, деңизчилердин негизги тамагы болгон кургатылган нан, туздалган тамактарда таптакыр болбойт. 1880-жылы гана орус окумуштуусу Н. И. Лунин организмге белок, май, углевод, минералдык туз менен суудан башка да заттар керек экенин байкап, кийин ал заттар витамин деп аталган.

Азыркы кезде 13 витамин белгилүү (төмөндө таблицада). Жеңилдик үчүн алар латын тамгалары менен белгиленет.

2018-жылга карата витаминдер түрлөрү
Майга эрий тургандар
Aретинол
Dкальциферол
Eтокоферол
Kфиллохинон
Сууга эрий тургандар
B1тиамин
B2рибофлавин
PP же B3ниацин, никотин кислотасы, никотинамид
B5пантотен кислотасы
B6пиридоксин
H же B7биотин
B9фолаттар жана фолий кислотасы
B12кобаламин
Cаскорбин кислотасы

Адам түрдүүлөп, жетиштүү тамактанганда витаминдерди тамак-аш менен кабыл алат. Витаминдер организмдин өсүүсүнө, энелердин боюнда бар кезинде, эмчек эмизгенде, ооруганда жана көп иштегенде, нерв-эмоциялык көп күч талап кылган иште чоң өлчөмдө талап кылынат. A витамини жетишпегенде тери кубарып, түлөп, ириндүү оорулар менен жабыркайт, чач кургап, өң өчөт, тырмактар сынат. А — витамининин жетишсиздигинин негизги белгилери жарыкты карай албоо, түнкүсүн начар көрүү.

А — витамини жаныбарлардан алынган азыктарда (боордо, балыктын икрасында, майында, сары майда, жумуртканын сарысында) болот. Өсүмдүк азыктарында ал провитаминдер — каротиноид пигменттери түрүндө кездешет. Каротиноиддерге: сабиз, томат, кызыл мурч, көк пияз, ит мурун, чычырканак, четиндин мөмөлөрү бай. D — витамини организмдеги гормон сымал зат, кальций менен фосфор туздарын сиңирүүгө, алардын сөөк тканына чогулуусуна катышат. D — витаминин 3-4 жашка чейинки балдар (эгер бул витамин жетишпесе итий болот), боюнда бар жана бала эмизген аялдар көп талап кылат.

Негизинен D витамини ультра кызылт-көк нурлардын таасирлеринен кишинин терисинде пайда болот. D витамини балыктын боорунда өтө көп, сары май, жумуртканын сарысында балык майында аз санда кездешет. Өсүмдүк азыктарында болбойт. С витамини — (аскорбин кислотасы) организмдеги кычкылдануунун калыбына келүү процессиндеги негизги ролду ойнойт. С витамининин жетишсиздигинен кара жама (цинга) оорусу пайда болот. Бул витамин негизинен жер-жемиштерде жана жашылча мөмөлөрдө көп. С витамини азыктарды ачытууда жакшы сакталат.

B1 витамини — организмдеги нормалдуу зат алмашууга айрыкча углевод алмашууга керек. Витаминдин жетишсиздиги тез ачуулануу, чарчоо, тамак сиңирүүнүн бузулуусу менен мүнөздөлөт. B1 витамини чанактуу жана дан өсүмдүктөрүнүн акшактарында кездешет. B2 витамини жаралардын айыгышына түрткү берет, жарыкты көрүү жана түстөрдү ажыратууну камсыз кылат. B6 витамини кан пайда болуу процессине катышат. Ал жетишпегенде жаш балдардын өсүүсү токтолот, аз кандуулук байкалат. В12 витамининин жетишсиздигинен да аз кандуулук пайда болот.

K витамини булчуңдарда жана кошуучу ткандардагы зат алмашууда маанилүү ролду ойнойт. Белоктордун синтезделишине катышат. K витаминин жетишсиздиги остепороз оорусуна, сөөктөрдүн сынуу тобокелинин жогорулашына, кандын уюусунун начарлашына (катуу кан агуу), ошондой эле тескерисинче кандын уюусунун көбөйүүсүнө (тромбоз) алып келет.

K витамини буудай угутунда, соя унунда, брокколи, рапс майында, капустада, буудай улпагында, картофелде, жүгөрүдө, фасолдо ж. б. болот.

РР витамини — никотин кислотасы (кээде В3 деп дагы аташат) углеводдордун, липиддердин, белоктордун алмашуусуна таасир этип, кандагы глюкозаны төмөндөтөт, борбордук нерв системасынын (БНС), боордун жана ашказандын функционалдык абалын жакшыртат, теринин репаративдик процесстерине катышат.

E витамини кан клеткаларын (лимфоцит, кызы жана ак кан денечелери) коргоо үчүн зарыл, организмдин кычкылтек менен камсыз болуусун жана жалпы коргонуч функцияларын, кандын уюуусун, миокарданын иштөөсүн, нерв ткандарын жана иммунитетти жакшыртат.

F витамини адамдын канындагы холестериндин деңгээлин төмөндөтөт, аритмиянын азайтат, тромбдордун пайда болушун алдын алат, артериалдык кан басымды төмөндөтөт, ошондой эле, атеросклероздун пайда болуусун алдын алат.

Жогорудагы витаминдер оору эле эмес соо кишиге да керек. Эгер дени соо адам канчалык көп иштесе ошончолук көп витамин талап кылат. Ал эми жазында өзгөчө талап кылынат. Витаминдер нормалдуу тиричилик үчүн өтө керек, бирок өлчөмүнөн ашып кетиши организмге өтө оор терс таасирин тийгизет.

Витаминдерди жана алардын булактар ачуу жылдары
Ачылган жылы Витамин Алынган
1913 A витамини (Ретинол) Балык боорунун майы
1918 D витамини (Эрго-/Холекальциферол) Балык боорунун майы
1920 B2 витамини (Рибофлавин) Жумурткалар
1922 E витамини (Токоферол) Буудай өнүмүнүн майы
1926 В12 витамини (Кобаламин) Боор
1926 В1 витамини (Тиамин) Шаалы же күрүч улпагы
1929 К витамини (Филлохинон) Люцерна
1931 В5 витамин (Пантотен кислотасы) Боор
1931 В7 витамини (Биотин) Боор
1931 С витамини (Аскорбин кислотасы) Лимон
1934 В6 витамини (Пиридоксин) Шаалы же күрүч улпагы
1936 В3 витамини (Ниацин) Боор
1941 В9 витамини (Фолиевая кислота) Боор

Көңүл бургула! бул макала витаминдер жана алардын касиеттер жөнүндө жалпы маалымат берүү гана максатында түзүлгөн. Витаминдерди дарыгердин кеңешисиз кабыл алууга болбойт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1626, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо