Вируска каршы дарылар

Вируска каршы дарылар - аларга биологиялык препараттар — гамма-глобулин, интерферон, ошондой эле айрым химиялык каражаттар кирет. Гамма-глобулин — кан сары суусундагы белок фракцияларынын бири: гамма - глобулин препараттарында микроорганизмдерди — оору козгогучтарды жок кылуучу антитело болот. Ал донордун (тигил же бул инфекцияга каршы эмделген) канынан, вакциналанган малдын канынан жана башка алынат. Гамма - глобулин препараттары грипп, Боткин оорусу, кызылча, энцефалит, кутурма жана башка вирустук ооруларды, ошондой эле бактериялар козгогон (стафилококк инфекциясы, көк жөтөл жана башка) ооруларды дарылоодо жана алдын алууда колдонулат. Гамма-глобулин, ошондой эле организмдин ооруга каршы жалпы туруктуулугун жогорулатат. Ал кээде аллергиялык реакция пайда кылышы мүмкүн, ошондуктан врачтын уруксаты менен куюлат. Лейкоциттик интерферон — организмге кирген вируска жооп иретинде организм клеткалары иштеп чыгарган коргогуч белок.

Ал айрым вирус ооруларын дарылоо жана алдын алуу үчүн колдонулат. Гриппти алдын алуу максатында мурунга күнүнө 2 жолу (өзгөчө 3 айга чейинки балдарга) тамчылатат. Химиялык препараттар да (ремантадин жана оксолин) вируска каршы таасир этишет. Ремантадин чоң кишилер грипп башталганда дарылоо жана алдын алуу үчүн колдонулат; оксилиндин 0,25%түү майы гриппти алдын алуу үчүн мурунга сыйпайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)