Вильгельм 1 Гогенцоллерн

Вильгельм 1 Гогенцоллерн - (22. 3. 1797, Берлин 9. 3. 1888, ошол эле жер) Пруссия королу (1861-88), 1871-жылдан Германия императору. Кемакыл король Фридрих Вильгельм ІVнүн тушунда (1858-61) регент болгон. Алгач либералдык реформаларды жактагандыгы тууралуу билдирип, кийин андан баш тарткан. 1862-ж. Отто фон Бисмаркты министр-президент кызматына чакырып, ошондон тарта анын Пруссияны күчтөндүрүү саясатын колдогон. Франция-Пруссия согушунун учурунда пруссиялык аскерлердин башкы командачысы катары Седандын алдында Наполеон ІІІнүн капитуляциясын кабыл алган. 1871-ж. Бисмарктын таасириндеги германиялык монархтардын император болуу сунушун кабыл алып, Германия империясынын түзүлүшүнө негиз салынган. Иш жүзүндө анын тушунда Пруссияны, кийин Германия империясын Бисмарк башкарган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)