Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Веналар

Веналар — денедеги бардык органдар менен ткандардан чогулган канды жүрөккө алып баруучу кан тамырлар. Алар эң эле ичке капиллярдан (венула) пайда болот. В. улам биригип отуруп, орто жана жоон В-га айланат. Акыры дененин төмөнкү бөлүгүнөн кан жыйноочу В. төмөнкү көңдөй, жогорку бөлүгүнөн кан жыйноочу В. жогорку көңдөй веналары деп аталат. Ал эми тамак сиңирүүчү органдардан (карын, уйку бези, он эки эли ичеги, ичке жана жоон ичеги, көк боор) кан чогулткан В. боорго куят да, дарбаза В-сы деп аталат. Боорго агып келген бул канды боор клеткалары ар түрдүү микробдордон жана уулуу заттардан тазалайт. В. бардык ткандар менен органдардан чогулган көмүртек кычкылына бай, ткандар менен органдар бөлүп чыккан керексиз заттарга каныккан канды жүрөктүн оң дүлөйчөсүнө куят (кан айлануунун чоң тегереги).

Бул кан жүрөктөн өпкөгө келет да, дем алуу убагында өпкө исиркектеринде кычкылтекке каныккан бул кан кайрадан төрт өпкө В-ы аркылуу жүрөктүн сол дүлөйчөсүнө куят (кан айлануунун кичине тегереги). В-нын капталы артериялардыкына караганда чоюлчаак, булчуң жипчелери аз. Ошондуктан В. артерияга караганда чоюлгуч келип, анын ичине кан эки эсе көп батат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)