Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Василий Шуйский

Василий Шуйский, Василий Иванович Шуйский (1552-22.9.1612, Речь Посполита, Гостынин) - орус падышасы (1606-10). Суздалдык княздар тукумунан. 1584-жылдан боярин Борис Годуновго каршы күрөшкө катышып, жазаланган. Жалган Дмитрий 1 тактыдан кулаганда Василий Шуйский падыша деп жарыяланган. Бул боярлар менен дворяндар ортосундагы каршылыкты күчөтүп, 17-кылымдын башындагы дыйкандар согушунун курчушуна алып келген. 1607-жылы октябрда Василий Шуйскийдин өкмөтү Болотников башында болгон дыйкандар согушун араң баскан. Василий Шуйскийдин өкмөтү 1607-жылы августта кайрадан башталган поляк интервенциясына каршы күрөш уюштура албаган. Буга калктын калың катмары гана эмес, дворяндар да нааразы болгон. 1610-жылы 17-июлда Василий Шуйский тактан түшүрүлүп, зордук менен кечил (монах) болгон жана Гостынинде сепилде камакта өлгөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)