Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Варгас Жетулиу Дорнелис

Варгас Жетулиу Дорнелис (19.4.1883, Сан-Боржа 24.8.1954, Рио-де-Жанейро) бразилиялык мамлекеттик жана саясий ишмер. 1923-26-жылы Улуттук конгресстин депутаты, 1926-27-жылы финансы министри, Риу-Гранди-ду-Сул штатынын губернатору. 1930-жылы Өлкөнү диктаторлук ыкмалар аркылуу башкарган, бирок өз мезгили үчүн прогрессивдүү эмгек кодексин кабыл алган. Экономика жаатында аскердик жана жарандык адистерге таянуу менен кыска мөөнөттө өлкөнү индустриялаштырууну ишке ашырган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Варгас антигитлердик коалицияга кошулуу менен, Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн лидерлеринин арасынан Европадагы согуштук аракеттерге өз аскерлерин жөнөткөн жалгыз президент болгон. Варгас башкарган чейрек кылым ичинде Бразилия агрардык өлкөдөн индустриялуу-агрардык өлкөгө айланган. Анын тажрыйбасын Латын Америкасынын бир катар лидерлери пайдаланышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)