Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Узакбаев Талантбек Макишович

Узакбаев Талантбек

Узакбаев Талантбек Макишович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

«Ар–Намыс» депутаттык Фракция мүчөсү.

Узакбаев Талантбек Макишович 1960-жылы 27-январда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган.

Билими жогорку.

1985-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун "Ветеринария" факультетин аяктаган.

1978-1980 жылдары Советтик аскер катарында кызмат өтөгөн.

1977-жылы Жети-Өгүз районунда жайгашкан "Барскоон" совхозуна жумушчу болуп иштеп баштаган.

Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 1985-1986 жылы Жети-Өгүз районундагы Шевченко колхозунда ветеринар даарыгер болуп эмгектенген.

1986-1988 жылдары Ак-Суу районунда жайгашкан "Тургень" совхозунда ветеринар даарыгер, 1988-1991 жылдар аралыгында "Тургень" сүт товар фермасынын башчысы болуп эмгектенген.

1991-2003 жылдары Каракол шаарында жайгашкан "Ак-Бата" Жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору болуп иштеген.

1993-2000 "Махмуд кашкари" СПнын Президенти болуп Бишкек шаарында иштеген.

2000-2003 "Бугу" Жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Каракол шаары.

2003-2005 жылдары Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин алдындагы мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы адиси болуп иштеген.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Башкы ветеринар инспектору болуп дайындалган.

2005-2006 жылдары КМЫ мамлекеттеринин ветеринария тармагындагы кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык Кеңештин төрагасы болуп иштеген.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын айыл суу чарба жана кайра иштетүү министри болуп дайындалган.

2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин А. Дүйшеев атындагы ветеринария институтунун улук илимий кызматкери, Илимий кеңештин мүчөсүндө турат.

2010-жылдын октябрь айында "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешинин 5-чакырымына депутат болуп шайланган.

"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги", Ветеринарияя илимдеринин кандидаты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)