Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Ууруда эмне, күнөө жок бекен?

Акырда байлануу турган жеринен Апенди бир түнү эшегин уурдатып жиберет. Аны угуп алып, ар ким эле тыңсынып, Апендини жемелей берет. - Сооп болуптур! Күнөө өзүңдө. Акырыңды эмне үчүн сыртынан чала бекитесиң? - деп бири баштаса, дагы бири: - Короону ушундай да жапыз салабы?!

Мындай жепирейген короодон ууру ойноп түшүп, эшек эмес, ээсин кошо көтөрүп кетпейби! Күнөө өзүңдө. Короону бийик салганда, бул балээни көрмөк эмессиң, - дейт. Үчүнчү бирөө: - Эмне үчүн короо кайтараар итиң жок? Күнөө өзүңдө, ит үрүп турбаган короо да корообу? - десе, төртүнчүсү: - Кудай билет, ушу сен соо уйку менен уктабасаң керек? Тоодой-таштай эшекти ууру алып жатса туйбаганыңда шегим бар. Күнөө өзүңдө. Киши өңдөнүп укташ керек! - дейт. Апенди баарын угуп-угуп туруп, акырында: - Макул эле дейли, силердики чын, баарына өзүм күнөөлүү болоюн!

А ууруңарда эмне, күнөө жок бекен? - дептир.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)