Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Уулуу жаныбарлар

Уулуу жаныбарлар — денеси башка жаныбарлар жана киши үчүн уулуу заттарды бөлүп чыгаруучу жаныбарлар. Уу заттар өзгөчө бездерде, шилекей, жыныс бездеринде, ошондой эле ткань суюктугунда, лимфада пайда болот. Алардын уусу денени оорутуп, ууктурат, кээде өлүмгө дуушар кылат. Уулуу жаныбарлар жөнөкөйлөр, ичеги көңдөйлүүлөр, муунак буттуулар, моллюскалар, ийне терилүүлөр, балыктар, сойлоочулар жана башкалардын арасында кезигет. Уулуу жаныбарлар активдүү жана пассивдүү болуп айырмаланат. Активдүү уулуу жаныбарлардын атайын уу бөлүп чыгаруучу органдары болот. Мисалы, аарыларда ийнелери, балыктарда медузада сайгыч клеткалары, чаян, тикендүү сүзгүчтөрү уу бөлүп чыгаруучу бездерге кошулган.

Ал эми жылан, жөргөмүш, канталанын уу бездеринин түтүкчөсү оозуна ачылат. Алар тиштегенде же сайып алганда уусун жиберет. Булардын ичинен жыландар коркунучтуу. Жыландын уусу организмге тез таркагандыктан жылан чагары менен тез жардам көрсөтүү зарыл. Жабыркаган адамды тынч жаткырып, чаккан жердеги ууну сыгып же соруп түкүрүү керек. Андан кийин жараатты йод, одеколон, арак менен сүртүп тазалап, кыймылсыз кылып шакшактап коёт (Шилтеме: Иммобилизация). Суусунду көп ичүү сунуш кылынат. Жараатты кесүү, күйгүзүү, буугуч менен таңуу, ичимдик ичүүгө болбойт.

Жабыркаган адамды тезинен ооруканага жеткирүү керек (Шилтеме: Биринчи жардам). Ал жерде жыландын уусуна каршы кан сары суусу куюлат. Активдүү уулуу жаныбарларга айрым балыктар (деңиз түрпүлөрү, деңиз ажыдаар балыгы) кирет. Адам аны капысынан буту менен басып же колуна алганда тикендүү сүзгүчтөрү менен саят. Ошондой эле медузалар, актиниялар да адам үчүн коркунучтуу. Алардын уу чыгаруучу аппараты сайгыч клетка түрүндө болуп, анын ичинде уусу бар баштыкча жана аткыч жиби болот. Алар бир нерсе тийгенде же өзүнүн душманынан коргонууда аткыч жипчеси баштыкчадан атылып денеге сайылат. Жабыркаган жер кызарып, катуу тызылдап ачышып ооруйт. Айрым учурда адам чыйрыгып, жүрөгүнүн согушу тездейт.

Муунак буттуулардын көбү адам үчүн уулуу. Мисалы, кырк аяк, музоо баш чаккан жер шишип, катуу ооруйт. Кара курт менен бөйүлөр адам өмүрүнө коркунуч туудурат. Көбүнчө жаз, жай айларында чагат. Кара курттун ургаачысы уулуу болот.

Уусу борбордук нерв системага таасир этет, чаккан жер оорубайт. Бир аз убакыттан кийин бүткөн бой капыстан катуу ооруйт. Эти ысып, кан басымы көтөрүлөт, тура албай калат. Мындай абал 12 күнгө созулат. Өлүп калуусу да ыктымал. Муунак буттуулардан чаян Кавказ, Орто Азияда кезигет.

Куйругунда уу бези менен байланышкан ийилген сайгычы бар. Ал чаккан жер катуу ооруп, кызарып шишийт, дене тырышып, дем алуу кыйындайт, сүйлөй албай жана жута албай калат. Жүрөк ооруп, чыйрыгат, куску келип, демигет. Сары аарылар менен аарылар да уулуу. Аары чаккан жерден ийнесин сууруп алып, чаккан жерди этил же нашатырь спирти менен жууп, муздак басуу керек. Капыстан кыям же жемиш менен оозго кирип, анын былжыр челин чаккан учуру оор кабылдоого дуушар кылат.

Ооздогу шишик алкымга, кокого жетсе дем алуу кыйындап, муунат. Мындай учурда врачка кайрылуу керек. Пассивдүү уулуу жаныбарлардын уу иштеп чыгаруучу атайын органдары болбойт, алардын уусу айрым орган же ткандарында болуп, аны жегенден кийин ууландырат. Мисалы, кээ бир коңуздардын жыныс бездери, айрым балыктардын (жылтыр, көк чаар) икрасы, кан сары суусу жана башкалар уулуу болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)