Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Усупов Макай

Баш барак | Биографиялар | Усупов Макай

(1924-жылы туулган, Каракол ш.) - тарыхчы жана географ, тарых илимдеринин доктору (1983). Караколдогу мугалимдер, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык ин-ттарын бүткөн (1951). 1951—54-жылы Караколдогу мугалимдер институтунда окутуучу, 1954—57-жылы «Мугалимдер газетасынын» жооптуу катчысы, редактору, 1962—69ж. Кыргызстан КП БКнын лекторлор тобунун жетекчиси, Кыргызстан КП БК менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин партиялык мамлекеттик контролдоо комитетинин илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы, 1969-жылдан Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун партиялык курулуш секторунун башчысы, улук илимий кызматкер, партия тарыхы секторунун башчысы. Анын негизги илимий эмгектери Кыргызстан Компартиясынын тарыхына жана партиялык курулушка арналган. У-дун 1 монография, 11 брошюра жана көптөгөн илимий макалалары бар. Экинчи даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, медалдар менен сыйланган. УСУПОВ Сабыр [1939-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Тилекмат (Шалбаа) айылы] - спортсмен, СССР спортунун мастери (1961, эркин күрөш боюнча), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу (1978). Эркин күрөш боюнча Кыргндын 10 жолку чемпиону (1957—78), советтик Армиянын Орто Азия жана Казакстан боюнча чемпиону (1969, эркин күрөш боюнча), СССРдин 4—6-спартакиадаларынын катышуучусу жана жеңүүчүсү (1967—75). 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия интун бүткөн. «Алга» ыктыярдуу спорт коомунун Борбордук советинин улук (1961—68), Кыргыз Республиканын күрөш боюнча тандалма командасынын (1970—72), ыктыярдуу өспүрүмдөр орто мектебинин (1972—75) машыктыруучусу, Кыргыз дене тарбия институтунун окутуучусу, даярдоо бөлүмүнүн башчысы (1975—86), КМУнун улук окутуучусу, «КМУ» спортклубунун төрагасы (1987—93). 1993жылдан Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик ун-тинин дене тарбия кафедрасынын башчысы.

Кыргыз Республиканын эл агартуусунун отличниги (1982).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 628, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу