Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Усун мамлекети

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Усун мамлекети

«Усун» тарыхка кытай династия хроникасынан кирген. Тарыхчы А. Омуркуловдун оюу боюнча «Усун» этноними илгерки турк тилинен которгондо «он урук эл» (ус - урук, ун - он) деген мааниде. Бул эл Чыгыш Туркстандагы Упса (Узун) дарыясынын атынан аталган деген болжолдоо бар. Генеалогиялык болжолдорго жана турк санжыраларына таянса, усундар турк элдеринин бир салаасы. Усундар сырткы кебетеси жагынан сакалдары кызгылт сары, коздору кок болуп, Туркстандын тургундарынан айырмаланып турган. Усундар адегенде хунндар жана юэчжилер менен коншулаш болуп Улуу Кытай дубалынын батыш жагында кочуп журушкон. Алардын бир болугу биздин заманга чейин 160-жылы сактарды жана юэчжилерди талкалап, Тениртоого жана Жетисууга кочуп келишкен. Коп убакыт отпой чыгыштан хунндар менен, батыштан Талас дарыяларынын ороондорундо Кангуй менен, туштуктон Фергана жана Чыгыш Туркстан менен чектешкен жаны мамлекет тузулгон. Тундуктон усундардын ээлиги Балхаш колуно чейин жеткен.

Усундардын падышасы - Кунбаг (кун бий) деген титулду алып жургон. Усундардын мамлекети социалдык топторго жиктелуу жаны пайда боло баштаган учурда тузулгон, уруулук тузулуштун таасири катуу сакталган олко болчу. Кунбагдын бийлиги укум-тукумга отуп, мурас катары берилип келген. Башкарууда усундардын Кунбагы аксакалдар кенешине таянган. Ошол эле убакта мамлекет аппараты бир кыйла онугуп, мамл. бийликте эле 16000 ашуун адам эмгектенген. Кунбагдын озунун он миндей аскери болгон. Усундар жарым-жартылай кочмондуу болуп, мал багышкан. Ошол эле мезгилде Чуй ороонунде жана Ысыкколдун жээгинде жашаган эл отурукташып, дыйканчылык менен кесиптенишкен.

Тенсиздик онугуп, айрым бай адамдар торт-беш минден жылкы багышкан. Усун мамлекетинде кулдар да болгон, алар негизинен эркин обшиналарда, уй чарбасында иштешкен. Борбору - Чигу, же Чигучэн атту шаар болгон. (Кызыл ороондогу шаар дегенди билдирет). Акыркы жылдардагы археол. изилдоолордун жыйынтыгы боюнча бул шаар Ысыккол облусунун Жетиогуз районун борбору Кызылсуу айылынын этегинде жайгашкан. Шаардын жашоочулары дыйканчылык ошондой эле кол онорчулук менен кесиптенишкен.

Шаардын негизги болугун кол алдында калган. Орус окумуштуусу Н. Аристов 1893-жылы «Усундар ошондой эле кыргыздар же кара-кыргыздар: Батыш Тяншандын калкынын тарыхы, турмуш тиричилигинин очерктери жана анын тарыхый картографиясы боюнча изилдоолор» деген эмгегинде: «Усундар Батыш Тяншанда турган азыркы кара-кыргыздардын туздон-туз бабалары болуп саналат» - деп белгилеген. Ушул эле эмгекте Н. Аристов Енисейлик кыргыздар менен Тяншандык кыргыздар мурда бир эле элди тузуп, биздин заманга чейин 3-кылымга чейин эле экиге болунуп кеткен. Алардын бир болугу Енисейде жашаган. Чыгыш Тянь-Шанда турган экинчи болугун кытайлыктар усундар деп аташкан деген пикирди айткан. Окумуштуу Ч. Нусупов «Кыргызстандын саясий тарыхы» атту эмгегинде мындай деп жазат: «Б.,з. ч. 201-жылда кыргыз уруулары азыркы Батыш Монголиянын аймагына жана Чыгыш Туркстанга чачырап тарашкан, биздин заманга чейин 3-кылымдан тарыхый адабиятта усундар деген ат менен кобуроок белгилуу болгон уйшундордун батыш канаты болуп эсептелет. Алар Орто Азияда жашаган сак урууларын суруп чыгарган. Тундук кыргыздар болсо Саяндын артына, Енисейге кетишкен». Бул пикирлерге таянсак усундар кыргыз элинин ата бабалары болуп эсептелет.

Дабан мамлекети Фергана ороонундо б. з. ч. 1-мин жылдыкта отурукташкан дыйканчылык маданияты онуккон мамлекет пайда болгон. Ал тууралуу жазуу жузундогу маалыматтар биздин заманга чейин 2-1-кылымдан тартып гана кездешет. Тарыхта Дабан мамл. деген аталыш менен белгилуу. Биздин заманга чейин 2-кылымда Дабан дыйканчылыгы онуккон кучтуу мамлекет болгон. Калкы куруч, буудай, жузум, пахта, беде остургон, атагы алыска тараган аргымактарды баккан. Кичине-чону болуп, 70тей шаары болгон, алар оз-озунчо кооз оазистерден орун алышкан.

Мамлекеттин борб. Эрши шаарынын (Ош облусунун Араван райондагы Араван кыштагына жакын жерде) катар-катар курулган чеп курчап турган. Анын борбордук болугундо бышпаган кыштан тургузулган калын дубалдар, бийик мунаралар болгон. Ферганалыктардын копчулугу ото чон эмес кыштактарда, бирок ото бекемделип тургузулган уйлордо жашаганын археологиялык казуулар корсотуп турат. Фергананын эли орто эсеп менен 300 минге жакын болгон.

Сырткы келбети европеоиддерге окшош болгон. Кытай эмгектеринде «...коздору чункул, сакалдары коюу болгон» деп корсотулот. Коомдук мамилелери таптык муноздо болгон. Мамлекетти падыша династиясы жетектеген. Алардын башкаруусу мансаптуу адамдардан тузулгон аксакалдар кенеши менен чектелип турган. Аксакалдар кенеши падышаларды тактан алган ошондой эле такка отургузган, согуш же болбосо тынчтык маселелерин чечишкен, элчи байланыштарын тузгон же узгон.

Тарыхый булактары боюнча аксакалдар кенеши эки жолу ферганалык падышаларды олум жазасына буюрган. Алардын чечими айрым шаар башкаруучулары учун да милдеттуу болгон. Башкаруучу тоболдор айылдык эркин общиналарды катуу кармашкан. Ушул общиналар мамлекеттин таянычы болгон. Согуш чыккан учурда общиналардан 60 минден ашуун аскерлерден турган элдик кошуун тузулгон, булар жаа ошондой эле найзаларды курал кылып колдонгон.

Чарба ишинде кулдардын иштери колдонулган, бирок кул ээлоочулук басымдуулук кылган эмес, анткени ондурушто айылдык община басымдуулукка ээ болгон. Байыркы кыргыздар. Кытай тарыхчысы Сыма Цянь (биздин заманга чейин Турк кагандыктары 145-86-ж.) озунун «Ши цзи» - («Тарыхый жазмалар») эмгегинде белгилегендей, биздин заманга чейин 201-жылы хунндардын падышасы Модэ шануй тундукко жана тундук-батышка согуш жортуулуна чыккан. Бул жортуулда ал коз карандысыз бир катар урууларды - гянь-гундар, динлин, ж. б. каратып алган. Бул маалыматтын кыргыз тарыхы учун мааниси ото зор. Гянь-гундар (гэгунь, циг, кигу деген варианттар бар) деп кытайлар илгерки кыргыздарды аташкан. Бул маалыматтар кыргыздар биздин заманга чейин 3-кылымдын аягында эле болгондугун, алар ээ кылган жерлер бар экендигин, ошондой эле «кыргыз» этноними турк тилдуу элдердин байыркыларынан экендигин маалымдайт. Окумуштуулар лингвистикалык ошондой эле ономастикалык усулдарга таянуу менен «Кыргыз» этнонимии ар кыл болукторго ажыратып тушундурууго аракет жасашууда.

Анын айрым варианттары: 1. «Кырк» жана «йус» («кырк жуз», В. Радловдун пикири), 2. «Кырк» жана «эр» («кырк киши, Ахмед Тоган), 3. «Кыра» жана «гыз» («кара чачтуу эл» Д. Айтмуратов), 4. «Кыргу» - «кырг» жана ага копчулук санды туюнтуучу - «ыз» мучосунун жалгаштырылышы («кызылдар» К. Петров), 5. «Кырг» жана «огуз» («кызыл огуз» б. а. туштук огуздар же батыш огуздар, Н. Баскаков), 6. «Кыргын», «кыргыт», «кыргыз» (албырган жуз, б. а. сарычач, албырган жуз, кок коздуу эл А. Кононов), 7. «Кыргыз» (кырылгыс б. а., тугонгус, женилгис, жаныланып туруучу, туболуктуу эл А. вмуркулов) ж. б. «Кыргыз» этнониминин орто кылымдардагы кочмондор арасында (Енисейден Уралга чейин) кенири тарагандыгына Караганда: «кыргыз» деген термин «сак» деген сыяктуу эле алгач «кайраттуу, кучтуу жоокер, кужурмон адам» деген тушунукту берген. Ошондуктан, бир кыйла кочмон уруктар оздорун «кыргыз» деп айтууга, атоого аракет кылган - деген божомол чындыкка жакыныраак. Кыргыздардын Тарыхый жазуу булактарында биздин заманга чейин 3-кылымдан байыркы Ата журту эскерилген кыргыздардын Ата-журт тууралуу ар турдуу ойлор айтылып келген. Сыма Цяндын жазууларында кыргыздар эскерилгени менен алардын турган жери жонундо эч нерсе айтылган эмес. Айрымдар алгачкы кыргыз журту Енисейде болгон дешсе, башкалары азыркы Тундук Батыш Монголиядагы Хыргыз-Нур (Кыргыз Кел) аттуу колдун аймагында болгон деп жоромолдошкон. Кытайлык байыркы тарыхчы Бан Гу (биздин замандын 1-кылымы) озунун «Хан шу» («Хан сулалесинин тарыхы») эмгегинде: «Кыргыздардан чыгышта 7 мин ли (1 ли - 500 м) узактыкта хуннулардын шануйлорунун ордосу жайгашкан», - деп жазылат. Археолог, проф.

Ю. Худяков, синолог Л. А. Боровкова ошондой эле азыркы кыргыз тарыхчылары бул маалыматка таянып, кыргыздардын биздин заманга чейин 1-кылымдагы журту Чыгыш Тениртоо аймагында болгондугун далилдешуудо. Бул журт азыркы Чыгыш Туркстандагы Манас, Карашаар сыяктуу шаарлардын тундук тарабында, Борохоро тоо кыркасынын тундугундо орун алган. Байыркы турк элдеринин ичинен хунндар, усундар, динлиндер, дилдер о. э. Чыгыш Туркстандагы индоевропалык тилдерде суйлогон калктар (юэчжилер, б. а. тохарлар) эзелтен кыргыздарга коншу болгон. Биздин заманга чейин 1-кылымдын ортосунда хунндардын башчысы Чжичжи озунун армиясын кыргыз жоокерлери менен чындап, Енисейдин Минусин ороонундо жайгашкан урууларды басып алат. Ушундан кийин кыргыздардын негизги болугу оздорунун жаны мекенине (Енисейге) келишкен деген да пикир бар. Кыргыздар Модэ шануйге баш иерде озунчо мамлекеттуулукко ээ болгон десек болот. Демек биздин заманга чейин 3-кылымдын сонунан тартып кыргыздардын мамлекеттик бирикмеси Хунндар доолотуно баш ийип, анын таасири астында онуккон. Кыргыздардын Саясий бытырандылыкка кириптер болгон алгачкы коз каран Хунндар доолотунун Борб. башкаруусу начардысыз мамлекети кулаган кырдаалда - биздин заманга чейин 56-жылы кыргыздар саясий коз карандысыздыкка, эгемендуулукко жетишишкен. Алардын чордондук аймагы Чыгыш Тениртоонун тундук (тескей) жагында Борохоро тоо кыркасы менен Дзосотин-Элисун чолунун ортосунда жайгашкан.

Ушул жылдан баштап жазуу булактарында эн алгачкы ирет Кыргыз падышалыгы тууралуу эскертилет (кытайлык байыркы тарыхчы Бан Гу чакан кыргыз мамлекетин «го» - «падышалык» термини менен белгилеген). Байыркы кыргыздардын бул чакан олкосу геогр. обочо абалына байланыштуу бир нече жыл бою хунндардын конулунон чыгып, кыргыздардын мамлекеттуулугунун жаны башаты болуп калды.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 9169, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо