Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Усубалиев Алтымыш

Усубалиев, Алтымыш (1930, Фрунзе шаарына жакын Төкөлдөш кыш. –1971, Фрунзе) – кыргыз живописчиси. 1952-ж. Ленинграддагы И. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтун (М. Авиловдун өнөрканасынан) бүтүп, Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайында иштеген (1962–67). У. – чебер портретчи. Анын "Колхозчунун портрети" (1953), "Кыргыз кызынын портрети" (1959), "Түгөлбай Сыдыкбековдун портрети" (1958), "Чыңгыз Айтматовдун портрети" (1966), "Автопортрет" (1970), "Академик Иса Ахунбаевдин портрети" (1966), "Академик Курман Каракеевдин портрети" (1969), "Жумушчу Бешкемпировдун портрети" (1969) жана башка эмгектери кыргыз сүрөт өнөрүндө портрет жанрына кыйла салым кошкон. чыгармачылыгына замандаштарынын, асыресе кыргыз жазуучуларынын, илимпоздорунун, эмгек кайратмандарынын ички дүйнөсүн иликтөө, коом алдындагы бийик парзын даңазалоо мүнөздүү. У-дин чыгармалары Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде, Третьяков галереясында, Чыгыш элдеринин маданият музейинде бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)