Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Урбаев Абдирашит

Урбаев Абдирашит – акын. Өзгөн районунун Шералы айылында 1946-жылы 15-мартта туулган. 1965-жылы Өзгөн шаарындагы Ю. Гагарин атындагы мектеп-интернатты, 1970-жылы Москвадагы маданият институтун бүтүргөн. 1970–1972-жж. комсомолдун Ош облустук комитетинде лекторлор тобунун башчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1973–1981-жж. облустук «Ленинский путь» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, 1982–1983-жж. С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында адабият бөлүмүнүн башчысы, 1984–1990-жж. «Ленинский путь», (азыркы «Эхо Оша») гезитинде бөлүм башчы, 1991-жылдын февраль айынан шаардык «Ош шамы» гезитинде редактордун орун басары, сентябрь айынан 1998-жылга чейин башкы редактор, 1998-жылдан облустук «Эхо Оша» гезитинде бөлүм башчы болуп иштеп келген.

Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө эле башталып, «Бөбөгүм» деген биринчи ыры 1962-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланып, кийин ырлары, кыргыз, орус тилдеринде жазган макалалары облустук, республикалык гезит-журналдарда, альманахтарда басылган.

Кыргызстан ЛКСМ Борбордук Комитети жана Кыргызстан Жазуучулар союзу-нун башкармасы уюштурган жаш акындардын республикалык фестивалынын лауреаты болуп, диплом менен сыйланган. 1984-жылы "Советская Киргизия" гезитине жарыя-ланган "Его завут Залкар" аттуу очерки экинчи сыйлыкка, 1986-жылы "Кыргызстан маданияты" гезитине жарыяланган "Кыргыз хору кыян болуп акса экен" аттуу маеги биринчи сыйлыкка татыган.

"Махабат машакаты" аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагына Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган.

1974-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун, 1997-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Күндү күтүү: Ырлар. – Б., 1976. – 32 б.

Жаштык экспресси: Ырлар жана поэма. – Б., 1989. – 50 б.

Ак-Буура авандары: Ырлар жана поэма. – Ош, 1994. – 120 б.

Махабат машакаты. – Ош, 2003

Оттук. – Ош, 2007.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)