Уран Сарбагышев

Уран Сарбагышев - атактуу кыргыз бийчиси.

Ал 1934-жылы 11-декабрда Фрунзе (Бишкек) шаарында маданият кызматкерлеринин үй-бүлөөсундө туулган. Атасы О. Сарбагышев кыргыздын улуттук театрынын баштоочусу, режиссер, драматург болгон. Уран атасын элес-булас гана билген. Себеби атасы каза болгондо ал 10 жашта болгон. Бирок, искусствого болгон сүйүүнү өз атасынан мурас кылып алган.

1947-жылы А. Я. Ваганова атындагы Ленинграддагы (Санк-Петербургдагы) хореографиялык окуу жайына кабыл алынып, адегенде М. Б. Страхованын, андан кийин Д. С. Петровдун,.Б. В. Соловьевдун, Ю. Я. Дружининдин класстарынан окуп билим алган. Анын таланты абдан эрте ачылат, анткени ага классикалык бийлердин традициясын эң мыкты өздөштүрүү таасири тийген.1955-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап, Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз мамлекеттик опера балет театрынын солист болуп 1975-жылга чейин иштеген.

Театрда иштеп жүрүп көптөгөн партияларды аткарган. Алсак: А. Адандын "Жизелинде"-Альбертти,"Корсардагы"-Конрад, "Ромео менен Джульетадагы"-Ромео, "Бакчы-Сарай фонтанында"-Ванлив, "Ак-Куу көлүндө"-Зигфрид, "Лауренсияда"-Фрондосо "Египеттик түндөрүндө"-Амун, "Франческо-де реминде"-Лаоло жана башка ушул сыяктуу балеттердеги ал жараткан каармандар көрүүчүлөрдүн көңүлүндө көпкө сакталып калды. Улуттук "Анар", "Чолпон" балеттеринде чыныгы чоң талант экендигин далилдеди. Өзгөчө "Чолпон" фильм-балети дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүн кыдырып, тасма аркылуу Уран Сарбагышевди улуттук балеттин көзүр "валети" экенин таанытты. Өз кудуретинин бийиктиги жетилип турган мезгилде Абдылас Малдыбаев менен биргелешип "Ала-Тоо айдыңында" аттуу бий композициясын даярдап, балетмейстер-коюучу катарында көпчүлүккө таанылды.1966-жылыопера жана балет театрынын башкы балетмейстери болуп дайындалат. Талыкпаган, эмгекчил балетмейстер ушул театрдын сахнасында 15 балетти, улуттук операны, концерттик оюндарды койду. Мисалы: В. Власовдун-"Асель" (1969),А. Хачатуряндын-"Спартак" (1971),Э. Аристакесяндын - "Прометей"(1972),Ч. Нарымовдун "Өлбөстүк"(1975),К. Молдобасановдун "Саманчынын жолу" "Маңкурт жөнүндө баян" балет-ораторияларын койду. Жер, эмгек, согуш, сүйүү, эне тагдыры, жалпылап айткандакыргыз элинин бүгүнкү турмушун, тарыхын ачык, жеткиликтүү, психологиялык тереңдик менен көрүүчүлөргө жеткирген.

1977-жылы "Саманчынын жолу" балет-ораториясын койгондугу үчүн ал СССР дин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Эмгек Кызыл Туу,"Ардак белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)