Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Умай Эне

Байыркы кыргыздар табияттын торт стихиясына: Асманга, Жерге, Отко, Сууга сыйынышкан. Асман эркектин башталышы деп эсептелип, зор буканын, а эми жер болсо аялдын образын билдирчү. Асманга табынуу Күнгө табынуудан улам келип чыккан. Байыркы шумерлер Күн Кудайын Дингир, монголдор – тенгир, көк түрктөр жана кыргыздар – Теңир дешкен. Көк теңир – Түбөлүк Көк Аманды билдирген. Ал өзүнө бардык астралдык түшүнүктөрдү камтып, «Аалам», «Дүйнө» деген түшүнүккө тура келген.

Умай – мифтик зат. Ал көптөгөн элдердин фольклорунда, уламыштарында, санжырасында кенен чагылдырылган. Ошентип Азиада бир нече миңдеген жылдар бою рухтун Кудайы – Умай айтылып келе жатат. Энелердин энеси улуу Умай-Эне мааниси жагынан Көк Теңирден кийинки экинчи кудай болуп саналган. Ал кош бойлуу аялзатынын, тукум улоочулуктун, коломтонун, түшүмдүн колдоочусу болуу менен Тенгринин зайыбы деп эсептелчү.

Кээде Умайды адамзаттын Тоораттагы баштапкы энеси Ева менен бир карап жүрүшөт. Умай байыркы ирандык Анахитендин, вавилондук Иштардын. Грек Кибеланын, сириялык Дерекитенин сиңдиси. Байыркы сүрөтчү Улуу Кудай Умайдын сөлөкөтүн атактуу кудыргый ташына түшүрүптүр, бирок таш жоголуп, графикалык сөлөкөт сакталып кала берген.

Саян-Алтай тоолорунун байыркы көчмөндөрү Умайга, жоокерлердин колдоочусу катары Оттун Кудайына – От – Энеге сыйынышкан. Умай деген ат 6-7-кылымдардагы руна жазууларда эскерилет. Байыркы түрк тилинде «умай» баланын тону. Тибетче «ума» эне. Монголчо «Курсак» деген маанини билдирет. Волга боюндагы татарларда да «ума» - «курсак» деген маанини берет. Мына ушул түшүнүктүн баары аялзатынын тукум улоочу касиети менен байланышкан. Кыргыз тилинде «умай» жомоктогу асманда уялаган сыйкырдуу кушту билгизет.

Кыргыздарда Умай-эне. Кыргыздар аны байыртадан бери ыйык тутат. Кыргыздар Умай-энеге биздин доордун 6-кылымында эле балбал таштан эстелик койгон: балпайып мээрими ашкан, жылдыздуу, пейили кенен, элечекчен байбиче. Кыргыз эли эрки күчтүү, мүнөзү катуу, иш билги жана акылман аялзатын Умай-энеге теңешкен. Улуу Нооруз майрамында Умай-Энени оозанып, ыр менен бата тилешкен. Касиеттүү деп эсептешкен мазарларды Умай-эненин мазары дешип, катуу ооруганда, Кудайдан бала тилегенде, Умайдын аты менен сыйынышкан.

Байыркы ырым-жырым боюнча бала бойго бүткөн күндөн тартып курсактагы наристе менен анын энеси Умай-эненин көзөмөлүндө болот имиш. Мисалы, улгайган, тажрыйбалуу аялдар, эмчи-домчулар курсактагы баланын абалын тууралап жатып: «Бул менин колум эмес, Умай-эненин колу, сени Умай-энең колдосун» дешет.

Умай-эне – периште,
Кирип келди эшиктен,
«Айтканымды ук деди,
Кана, сыртка чык» - деди.
Куйругуна домдоду,
Кудай ишин колдоду.
«Чыккын» деди чакырып,
Энесинин ичинен,
Бала тушту бакырып…

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)