Улуу жибек жолу

Чыгыш жана Батыш өлкөлөрдү байланыпггырган бүт дүйнөгө белгилүү жолдун Ысык-Көл облусунун аймагындагы бөлүгү Боом капчыгайынан башталып, Ысык-Көлдүн түштүк-батыш бөлүгүнө келип, андан ары көлдүн түпггүк жээги менен Яр шаарына (Бар-Булак шаар чалдыбары), Тоң шаарына (Кан-Дөбө ьиаар чалдыбары), Барскан шаарына (Барскон шаар чалдыбары) жетип, Барскон капчыгайы аркылуу Барскон жана Сөөк ашуусун ашып, Тарагай жана Карасай сууларынын өрөөнүнө чыккан. Андан ары Ь1штык жана Бедел ашууларын ашып, Чыгыш Түркстан шаарлары аркылуу Кытайга жеткен. Бирок, ар кандай шартка байланынггуу жол башка маршрут боюнча да жүрүшү мүмкүн. Ал учурда Барскон шаарынан Жууку суусуна келип, анын жээги менен өйдө келип Жууку ашуусун ашып, Арабел-Суу өрөөнү аркылуу Кумтөр суусун (Тарагай суусунун сол куймасы) кечип Ак-Бел ашуусун ашып, Карасай суусун кечип өтүп, Ыштык жана Бедел ашуусун ашып Кытайга жеткен. Ысык-Көл аймагы аркылуу өткөн башка кербен жолдору У. жылы ж-нун тармактары болуп эсептелген. 8-12-кылымда Ысык-Көл өрөөнүндө көптөгөн шаарлар, чептер жана кербен-сарайлар болуп, негизги У. жылы жылы жана тармактары аркылуу өтүүчү соодагерлер ал жерлерде түнөп, товарын сатып жана запасын толукташкан.

У. жылы жылы жана тармактары Ысык-Көл калкынын тиричилигинде маанилүү роль ойногон, аларды эл аралык соодага тартып, ар кандай өлкөлөр жана элдер менен байланышын кеңейткен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)