Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Улуу Октябрь Социалисттик революциясы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Улуу Октябрь Социалисттик революциясы

1917-жылдын 24-октябрда (жаңыча 7-ноябрда) Россия империясынын борбору Петроградда терең маанилүү тарыхый окуя болуп өттү. Бул күнү Большевиктер партиясынын жетекчилигинде башталган куралдуу көтөрүлүш жеңиш чыгып, Убактылуу Өкмөт кулатылып, анын ордуна Советтердин бийлиги орнотулду. Советтердин Бүткүл россиялык 2-съезди В. И. Ленин башында турган жумушчу-дыйкандардын биринчи өкмөтү - Эл Комиссарлар Советин шайлаган. Съездде эң маанилүү маселелер тынчтык жана жерге болгон жеке менчикти жоюу жөнүндөгү Декреттер кабыл алынган. Россия элдеринин тарыхында биринчи жолу жер дыйкандарга, завод-фабрикалар, шахталар, темир жолдор жумушчуларга берилди. Бул чечимдердин мааниси абдан зор эле. Карапайым жумушчу, дыйкандардын өкүлдөрү мамлекетти башкарууга катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Россия империясынын курамындагы улуттардын тең укуктуулугу жарыяланды.

Улуу Октябрь революциясынын маанисин талдашкан тарыхчы-окумуштуулар бул окуяны коомдук түзүлүштүн түп тамырынан бери өзгөрүшүнө алып келген революция катары баа беришкен. Октябрь революциясынын жеңиши кыргыздар үчүн да зор маанилүү окуя болду. Кыргызстанда Совет бийлиги 1917-жылдын аягы, 1918-жылдын ортосунда толук орнотулуп, жаңы түзүлүш биздин элибизге да болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдү алып келди. Кыргызстанда жер-суу реформасы, коллективдештирүү, көчмөндөрдү отурукташтыруу, туташ сабатсыздыкты жоюуга багытталган иш-чаралар ишке ашырылды.1924-жылы Кара кыргыз Автономиялуу областы түзүлүп, кылымдар бою самап келген өз алдынча мамлекеттүүлүгүбүз калыбына келтирилди. Совет бийлигинин жылдарында жаңы шаарлар өсүп чыкты. Ири өнөр жай ишканалары, илим-билим берүү борборлору курулду.

Келечекке карай өнүгүүдө кыска мөөнөттө чоң секирик жасалды. Ошондуктан, Октябрь революциясына байланыштуу окуялар кыргыз элинии тарыхынын жаркын барактары катары сактала бермекчи.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3819, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу