Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Улуттук кийим

Адамдар болжолу 100000 жыл илгери сууктан сактануу максатында кийим кийе башташкан. Мындан 25000 миң жыл мурун байыркы аңчылар айбандардын терисинен, куш канатынан, чөп-чардан кийим даярдашкан.

Негизинен кийим адам эмгегинин, коомдук мамилелердин жана маданияттын өнүгүшү менен кошо өөрчүп-өнүгөт. Адамдардын дыйканчылык менен мал чарбачылыгына өтүүсү зыгыр, пахта, кендир өңдүү өсүмдүктөрдүн булаларын, мал жүнүн иштетип жана аларды пайдаланып, кийим тигүүгө мүмкүндүк берген.

Климаттык жана табигый шарттарга байланыштуу кийимдин ар кандай түрлөрү пайда болгон. Калктар менен улуттардын калыптанышы улуттук кийимдердин жаралышына алып келген. Муну менен бирге эле улуттук кийимдер элден-элге ооп, бири-бирине таасирин тийгизип, белгилүү бир аймакка тиешелүү кийимдердин комплекси иштелип чыккан.

Мисалы, славян элдеринин, Орто Азия элдеринин, кавказдыктардын жана башка элдердин кийимдеринде окшоштуктар байкалат. Улуттук кийимдерден элдин нускалуу салттары, тапкычтыгы, эстетикалык умтулуулары, көркөм табити, саймачылык өнөрү айкын көрүнөт.

Кыргыздын улуттук кийимдери көрктүү, жарашыктуу жана ыңгайлуу келген. Кыз-келиндердин кийими көбүнчө өңү ачык, кызыл-тазыл дельерлери кийимдердин улуттук колориттеги жаңы модаларын жаратып, эл аралык конкурс, көргөзмөлөргө катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келүүдө.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)