Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ультра үн

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ультра үн

Ультраүнадамдын кулагынын угуу жыштыгынан жогору жогору болгон үн толкундары, негизинен ультраүн деп 20 000 герцтен жогорку жыштыктар саналат.

Адам кеме гудогунун жоон добушун жана булбулдун ичке үнүн угат. Бирок биз бардык эле ичке жана жоон чыккан үндөрдү уга бербейбиз. Адам уга ала турган эң ичке үн бул чиркейдин зыңылдаганы. Ал эми мындан дагы ичке үндү (секундасына 20 миңден ашык термелүү болгон) адам уга албайт. Мындай үндү биз ультра үн дейбиз. Ультра латынчадан которгондо өтө, чектен тышкары дегенди билдирет. Ультра үндү дельфиндер, жарганаттар жана түрдүү курт-кумурскалар чыгарат жана кабыл алат. Адам да ультра үн чыгарып жана кабыл ала алат. Бирок муну атайын аспаптын жардамы менен гана жасайт.

Мындай приборлор ультра үн генераторлору жана кабылдагычтары деп аталат. Мындай приборлордун бири — эхолот. Андан чыккан ультра үн кандайдыр бир нерсеге чагылып, жаңырык болуп кайра бизге кайтып келет. Эгер жаңыруу тез келсе — ал нерсе жакын жерде, эгер жай келсе — алыс. Ультра үн эхолотунун жардамы менен адам деңиз тереңдигин өлчөп, балыктардын үйүрлөрүн жана суу астындагы рифтерди аныктайт.

Ультра үн чыгаруу жана кабыл алууну өздөштүрүү менен адамдар аны илимдин жана техниканын көп тармактарында кеңири пайдалана баштады. Ультра үндүн жардамы менен ташты майда күкүмгө айландырууга, өтө катуу материалдар менен металлдарды көзөөгө жана кесүүгө, аралаштырууга оор болгон суюктуктарды аралыштырууга болот.

Ультра үн кесиби жылдан-жылга көбөйүүдө. Ультра үн азыр кир жууп, кездеме жасайт, ширетүү жана куйма иштеринде жиктердин бириктирилиш сапатын текшерет. Ал медицинада да кеңири колдонулат. Ультра үндүн жардамы менен операция, массаж жасалып, тиш дарыланат. Ал түгүл оорунун диагнозу коюлат. Биздин заманда ультра үн адамдын ишенимдүү жардамчысы болуп калды.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2183, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-09-04, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу