Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Уламыштар

Баш барак | Адабият | Уламыштар

Заттарды, нерселерди таанууда, кандайдыр тарыхтагы бир окуянын нугун кууп, наристе элестетүү менен баяндап, улам кийинкилерге улантылып айтылып калган кыска, көркөм баяндар "уламыштар" деп аталат.

Уламыш деген сөз азыркы кыргыз тилинде ханзучадагы, уйгурчадагы "Ривайет" деген түшүнүккө колдонулат. Уламыштар кыргыз эл оозеки адабиятындагы эң эрте жаралган жанрдын бирөө болуп эсептелет. Ошого кыргыз уламыштары кыргыз эл оозеки адабиятынын негиздерине жатат. Уламыштар тарыхтын улуу жүрүшүндө жаралган табылга, бирок уламыш тарыхтын өзү эмес белгилүү бир тарыхтын элеси уланып айтылып калган, тарыхтагы бир белги же заттарды таанууда көркөм иштелип чыккан адабият жанры эсептелет.



Кыргыздардын баштапкы уламышы эртеде эле калыптанган. Кыргыз адабиятында белгилүү орун ээлеген жанр болуп, кыргыздардын заттарды, дүйнө кубулуштарын таануудагы түшүнүгүн чагылдырып турат. Кыргыздардын баштапкы уламыштарында баяндалган мазмун, жер-суунун, жан-жаныбарлардын табияттагы заттардын аталып калышы, анын атына карай элес-тетилип чечмелөөгө аракет жасалган көркөм баян эсептелет. Кыргыз уламыштары кыргыздардын тарыхын, тилин, заттарды таануудагы түшүнүгүн изилдөөгө карата белгилүү материал болуп келет. Себеби, кыргыз уламыштары атайын тарыхты баян кылбаганы менен ал белгилүү бир тарыхый окуя негизинен улам көркөмдөлүп иштелип чыккан болот. Баштапкы кыргыз уламыштары кыргыз мифтерине жакын заттарды таануу, тарыхтагы белгилүү окуяларды, тарыхый адамдарды баяндоодо мифтик көркөм каражаттар, апыртууларды, өзүнө сиңирип келген. Баштапкы кыргыз уламыштарда мифтик санаа кандайдыр бир деңгээлде алып жүрүлгөнүн баяндай алат. Бирок кыргыз мифтери менен уламыштары өздөрүнүн баян-мазмунун айтылуу ыкмасы жактардан өз алдынча айырмалыктарга ээ, бул экөөнүн чоң айырмалыгы, миф эч кандай чындыкка жакын келбеген көркөм элестетүү наристе түшүнүктөрдүн баяны болсо, баштапкы "уламыштар" кандайдыр бир тарыхтын томун такоор кылып уланып, ошол тарыхта же кичине, же чоң болуп, өткөн окуянын мифтик, апыртмалуулук каражаттар менен көркөмдөп көтөрүп айтылган баян эсептелет.



Кыргыздардын баштапкы уламыштары баян-мазмунуна карай, тарыхтагы заттардын аталып калышы жөнүндөгү уламыштар, турмуштук уламыштар, баатырдык уламыштар, комуз күүлөрүнүн чыгышы жөнүндөгү уламыштар болуп бир нече топторго бөлүнөт.

Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 4427, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо