Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Укук деген эмне

"Укук деген эмне" - аны нанга сыйпап жейби же чайга кошуп ичеби, негизи эле бул жөнүндө сүйлөшөөрдөн мурда макалабыздын мазмуну менен тааныштырып кетели, алар төмөнкүдөй:

1.Коомдук ченемдер

2.Укук деген эмне?

3.Укук жана адеп-ахлак

1.Коомдук ченемдер. Ар бир адам өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Ошентсе да көпчүлүк мезгилде алар окшош аракеттерди аткарышат: иштешет, эс алышат, үй-бүлө курушат дагы ушу сыяктуулар. Демек, мындай жүрүм-турумдар жалпыга тиешелүү, кадимки мыйзам ченемдүү аракеттер болуп эсептелет. Ченем — деген түшүнүк үлгү, калып же жүрүш-туруш эрежесин билдирет. Коомдук ченемдер деп адамдар ортосундагы мамилелерди жөнгө сала турган жүрүш-туруш эрежелерин айтабыз. Коомдук ченемдерге жомок, макал-ылакап, санат ырлары, жөрөлгө, адат, элдик салттардан баштап, ар кандай адеп-ахлак ченемдерине чейин кирет. Ушулардын бардыгында адамдардын миңдеген жылдар жашоо тажрыйбасынан алынган жүрүш-туруш эрежелери камтылган. Мисалы, баланы бешикке салуу, тушоо кесүү жөрөлгөлөрү, кыз берүү жана кыз узатуу салттары, белгилүү бир жүрүм-турумга багыттаган макал-ылакаптар элибизде көп экендиги белгилүү. Мына ушулар байыртадан баштап, азыркы укук ченемдери менен катар жашап келүүдө. Себеби, бардык эле жүрүм-турум эрежелерин укук алкагына киргизип, мыйзамдаштырып коюу максатка ылайык эмес.

2.Укук деген эмне. Алгачкы уруучулук коомдо адамдардын мамилеси жалаң адат, салт ченемдери менен жөнгө салынып келген. Укук мамлекет пайда болгон мезгилде кошо пайда болгон. Анткени, мамлекет менен адамдардын ортосундагы мамилени мурдатан колдонулуп келе жаткан коомдук ченемдер жөнгө сала албайт эле. Ошондуктан сапат жагынан өйдө турган, милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, коомдук мамилени жөнгө салуучу элемент - укук пайда болгон.

Адам окуйт, эмгектенет. Турмушка зарыл болгон буюмдарды сатып алат, бирөөлөр менен келишимге кирип, иш аткарат, ушул учурларда ал башка адам, ишкана, мекеме же мамлекеттик органдар менен мамиле жасайт. Ушул мамилелердин көпчүлүгү мамлекет тарабынан укуктук ченемдердин жардамы менен жөнгө салынат.

Бир жагынан, укук мамлекетти башкаруунун негизги куралы, мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун каражаты катары кызмат кылса, экинчи жагынан, ал адамдын коомдогу, мамлекеттеги абалынын маанилүү көрсөткүчү, анын мүдөөлөрүн коргоонун куралы болуп саналат. Адамдын, жарандын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери инсандын укуктук макамын түзөт жана укуктун негизи болуп эсептелет. Инсандын укуктук макамы мамлекеттеги укук тутумунун өнүккөндүгүн, канчалык деңгээлде демократия бар экендигин баалоодо маанилүү ролду ойнойт.

Башка коомдук ченемдерден айырмаланып, укук өзүнчө белгилеринин бар экендиги менен айырмаланат, алар:

А)Укук — ченемдерден, башкача айтканда аткарууга милдеттүү болгон жүрүм-турум эрежелеринен турат. Бул болсо укук ченемдеринин мамлекеттин бардык аймагына, калктын бардык катмарына таратыларын шарттайт. Укуктук ченемдердин милдеттүүлүүгү анын кимдир-бирөөгө жагар-жакпастыгына карабастан, бардык адамдардын аткарууга тийиш экендигин билдирет. Ал эми коомдук ченемдер бардыгы үчүн милдеттүү эмес. Мисалы, диний ырым-жырымдар ар кандай динди туткан жарандар үчүн ар башка эмеспи, ошондой эле тушоо кесүү жөрөлгөсүн аткаруу милдет эмес.

Б)Укук ченемдеринин аткарылышы мамлекет тарабынан камсыз кылынат жана корголот. Ар дайым эле укук ченемдери жарандар тарабынан ыктыярдуу түрдө аткарыла бербейт. Тилекке каршы, кээ бир адамдардын укуктук сезими өнүкпөгөндүгүнүн натыйжасында, укуктук ченемдерди мажбурлоо жолу менен гана аткарылышына жетишүүгө болот. Укук ченемдерин бузгандарга каршы ал бузуунун мүнөзүнө жараша ар кандай жоопкерчиликтер каралган. Мисалы: штраф, камакка алуу, эркиндигинен ажыратуу.

В)Укук ченемдеринин расмий формасы болууга тийиш, б. а. юридикалык документтерде бекемделиши керек. Мындай документтерди укук булактары дейбиз, аларга мыйзамдар, жарлыктар, токтомдор жана башкалар кирет.

Г)Юридикалык ченемдер тактыгы менен айырмаланууга тийиш. Укук ченемдеринин тили так, ачык, кыска болуп, башкача түшүндүрүүгө болбой тургандай жазылууга тийиш.

Д)Укук - бул ченемдердин тутуму, б. а. укук үй-бүлө мамилелеринен тартып, эл аралык мамилелерге чейин жөнгө салат. Ошондуктан укук көп тармактуу болуп эсептелет. Өз кезегинде биз алардын бардыгына токтолобуз.

Жыйынтыктап айтканда, укук — бул мыйзам деңгээлине көтөрүлгөн, мамлекет тарабынан белгиленген, жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелеринин, ченемдеринин тутуму.

Укуктун сакталышы мамлекеттик органдар, кээ бир учурда жалпы эл тарабынан (референдум) кабыл алынган мыйзам же башка ченемдик актылар тарабынан кепилдикке алынат. Мисалы, жарандардын шайлоо укугу - Шайлоо жөнүндөгү кодекс, билим алуу укугу - Элге билим берүү жөнүндөгү мыйзам, ден соолугун сактоо укугу - Саламаттыкты сактоо жөнүндөгү мыйзам тарабынан жөнгө салынат.

"Укук деген эмне" - укук - деген сөз турмушта юридикалык мааниден тышкары да пайдаланылат, мындай учурда ал мыйзамдарда көрсөтүлбөгөн жекече мүмкүнчүлүктөрдү билдирет (урматтоого укуктуулук, өз көз карашында турууга укуктуулук ж. у. с.)- Мындай укук адат, салт, жөрөлгө, коомдук пикирге таянат.

Азыркы тапта укук коомдук турмуштун бардык чөйрөсүн кучагына алган. Ал менчик мамилелерин бекемдейт, эмгекти - анын үзүрүн коом мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүүнүн ченемин, формасын жөнгө салат (жарандык укук, эмгек укугу); мамлекеттик механизмди уюштурууну жана анын иш-аракетин жөнгө салат (мамлекеттик укук); өкүм сүрүп жаткан коомдук мамилелерге, мамлекетке, адамдарга зыян келтирүүгө каршы күрөшүүнүн чараларын жана талаш-тартышты чечүүнүн жол жобосун белгилейт (жазык укугу, жазык процесс укугу); адамдардын ортосундагы көптөгөн түрдөгү мамилелерди тейлейт (үй-бүлө укугу ж. б.); мамлекетибиздин башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерин эл аралык укук жөнгө салат.

Азыркы тапта биздин мамлекетибиз укуктук мамлекетти курууну алдына максат кылып коюп жатат. Бул эмнени түшүндүрөт? Совет доорунда мамлекет негизинен коммунисттик партиянын жетекчилигинде жашаган. Өлкөнүн калкы дагы, мамлекеттик органдар дагы ошол партиянын чечимдерин аткарууга милдеттүү болгон. Ал гана эмес укук дагы саясатташтырылып, партиянын чечимдерин аткаруунун куралы болуп кызмат кылган. Турмуш мындай абалдын туура эмес экендигин көрсөттү, муну дүйнөлүк практика дагы айкындады. Элдин турмушунун бакубаттыгы, мамлекеттин бекемдиги укуктун өнүгүшүнө түздөн-түз көз каранды. Качан ага ар бир жаран укук ченемдерин түзүүгө түздөн-түз же өкүлдөрү аркылуу катыша алса, бийлик органдарын түзүүгө же шайлоого катышса жана коомдук мамилелер укук тарабынан гана жөнгө салынса, анда мындай мамлекетти укуктук мамлекет деп айтууга болот.

Укуктук мамлекет негизинен төмөнкү белгилер менен мүнөздөлөт.

А)Мыйзамдын ар кандай башка нерселерден артыкчылыгы, аны аткаруунун жана колдонуунун милдеттүү экендиги. Укуксуз мамлекетте мамлекеттик органдар укукка үстөмдүк кылат. Ал эми укуктук мамлекетте бийликтин бардык органдары укуктарды белгилеген мыйзамга гана баш иет, ал эми мыйзам болсо жалпы калктын эркин билдирет. Мыйзам боюнча мамлекет алдында адамдар гана жооп бербестен, адамдардын алдында мамлекет да жооп берет.

Б)Жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин өнүктүрүлгөн тутуму. Коомдук мамилелер мүмкүн болушунча мыйзамдаштырылып, ал мыйзамдар элге жеткиликтүү жана түшүнүктүү болууга тийиш. Ар бир жаран өз укугун жана милдетин так билип, аларды турмушунда колдонууну жана аткарууну үйрөнүшү керек.

В)Укукту коргоонун жакшы жолго коюлган механизми. Укуктар кандай жол менен жана ким тарабынан бузулса да, аны коргоого жөндөмдүү, укуктун сакталышын кепилдеген органдар жана алар жетекчиликке алып иштей турган мыйзам актылары болушу керек. Укукту өзүнө тиешелүү орунга көтөрүү үчүн укук коргоочу органдар - милиция, прокуратура, адвокатура ж. б. ишин түп-тамырынан бери өзгөртүшү зарыл. Укукту коргоонун эң башкы кепилдиги - соттор. Ошондуктан, эч кимге көз каранды болбогон сот органдарын түзүү - бүгүнкү күндүн башкы максаты. Ушундай сотко кайрылган укугу бузулган тарап өзүнүн мыйзамдуу талаптарын натыйжалуу коргогонго жөндөмдүү болот.

3.Укук жана адеп-ахлак. Көп кылымдар бою биргелешип жашоо тажрыйбасынан келип чыккан адат ченемдерине катуу баш ийип, баш кошкон, салтын бекем кармаган элдер гана кырсыктар менен кол салууларга ийгиликтүү каршы туруп, элдүүлүгүн сактап, бекемделгенине тарых күбө. Бул ченемдерди бузгандар коом тарабынан айыпталышкан.

Үрп-адаттар, каада-салттар, жөрөлгөлөр, башкача айтканда адеп-ахлак ченемдери адамдардын жүрүм-турумунун эн алгачкы эрежелери болгон, аларда боорукерлик, нысаптуулук, адилеттүүлүк, милдет, максат жөнүндөгү адамдардын түшүнүктөрү чагылдырылган.

Турмуштун улам татаалданышынан улам адамдардын коомдон мамлекеттүүлүккө өтүшү - укуктун пайда болушу менен коштолгон. Мамлекет өзүнүн талаптарын жалпыга милдеттүү ченем катары белгилеп, ал ченемдерди мыйзам түрүндө берген. Адеп-ахлактын жазылбаган ченемдеринен айырмаланып, укук ченемдери баяндоолор аркылуу көрсөтүлгөн. Эгер адеп-ахлак ченемдери ички ынануу жана коом тарабынан көрсөтүлүүчү таасир аркасында аткарылса, ал эми укук ченемдерин аткаруу үчүн мамлекеттин мажбурлоо күчү пайдаланылган жана бул максатта жазалоочу органдар түзүлгөн. Алгачкы мыйзамдарда, оболу адеп-ахлак жана салт ченемдери укук талаптары катары бекемделген.

Ошентип, адамдардын жүрүм-турумун жөнгө салуучу курал катары укук адеп-ахлактан кийин пайда болгон. Мыйзамдарды кабыл алганда адамдар көбүнчө адат, салттарга таянышкан. Азыркы мезгилде деле адеп-ахлакка каршы келген мыйзамды кабыл алууга жол берилбейт, укук ар дайым адеп-ахлак ченемдерине таянат. Бирок, адеп-ахлакты түзгөн каада-салттар, үрп-адаттар заманына жараша өзгөрүп турат. Бул объективдүү процесс болгондуктан, адеп-ахлак ченемдери өзгөрүлбөстөн, калыбында тургандай сезилет. Жыйынтыктап айтканда, адеп-ахлак — бул адамдардын өз ара жана коомго болгон мамилелериндеги жүрүш-туруш эрежелери менен ченемдериннн жыйындысы.

Албетте "укук деген эмне" маселесинде адеп-ахлак дагы маанилүү ролду ойнойт. Укук келип чыккандан кийин да адеп-ахлак өз маанисин жоготпойт, ал калк катмарынын түпкүрүнөн чыккан жарык сымал адамдардын жүрүм-турумуна таасирин тийгизип, укуктун кандай болушун тастыктап, мезгил өзгөргөн сайын кошо өзгөрүлүп, бирок тарбиялык маанисин эч жоготпой, коомдук сезимди башкарып турат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)