Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Уку

Баш барак | Жомок уламыштар | Уку
Он сегиз миң ааламды сураган Ыйса пайгамбар: «Бул жакырчылыкта өлүк көппү, же тирик көппү?» - деген жардык коёт. Буга эч бир канаттуу жооп бере албаптыр. Байылуу бул жардыкка келбей калыптыр. - «Ошол билет эле» - дешет.

Ыйса пайгамбар бүркүттү алып келүүгө чаптырат. Бүркүт байылууну алып келатканда, салаасынан түшүп калат. Анан кыргыйды жөнөтөт. Кыргый баатыр чап кармап алып келет. Ыйса пайгамбар:
- Ааламда тирик көппү, же өлүк көппү? - деп сурайт.
- Өлүк көп. - Байылуу жооп берет.
- Эмнеликтен өлүк көп болот?
- Күн чыкканга чейин уктап жаткандарды мен өлүккө эсептейм.
- Себеби эмнеде?
- Аларда үмүт жок.
- Туура, дейт пайгамбар. Кайра сурайт:
- Түз көппү же дөң көппү?
- Дөң көп. - Байылуу жооп берет.
- Эмнеликтен?
- Чычкандар түрткөн топуракты мен дөңгө эеептейм.
- Мунуң да туура чыкты - дейт. Ыйса пайгамбар анан муну жарыялайт: «Байылуу үкүнүн ыйыгы, буга тийбегиле!».
Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 3311, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу